Казакстанда АЭС курууга макул болгон шайлоочулар 71% түздү

Казакстан. 2024-жылдын 6-октябры.

Казакстанда Борбор Азия аймагында алгачкы атомдук электр станциясын (АЭС) куруу маселеси боюнча 6-октябрда өткөн референдумда добуш берген шайлоочулардын 71% «макул» деп жооп беришти. Бул тууралуу бүгүн 7-октябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялады.

Добуш берүүгө катталган шайлоочулардын 63,66% катышканы кабарланды. Референдум өттү деп расмий таанылышы үчүн катышуу 50% кем эмес болушу зарыл эле.

АЭСтин курулушун колдогондор өлкө көмүрдөн көз каранды болбой каларын, энергия тартыштыгы жоюларын айтып жатышат. Ал эми каршы пикирин билдиргендер мындай станцияны куруу өтө эле көп каражатты алып коёрун, экологияга коркунуч жаратарын, өлкөнү башка мамлекеттердин алдында технологиялык жактан көз каранды кылып коерун айтууда.

Байкоочулар добуш берүү күнү айрым жерлердемыйзам бузуу катталганын айтышканын «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Референдум жакындаган сайын кармалган же тартип жазасына тартылган жарандардын саны көбөйүп жатканын укук коргоочулар кабарлашкан.

2-сентябрда казак парламентинин эки палатасынын кошмо жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев "Күн өткөн сайын экономикабызга мол энергия зарыл болуп жатат. Мындай муктаждыкты атом энергетикасы жаба алат. Азыркы кезде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 өлкөдө жалпысынан 200гө жакын атомдук электр станциясы иштеп жатат", - деп айткан.

Көпчүлүк АЭСти колдоп жатканы менен реакторду ким курары азырынча белгисиз. Казак өкмөтү жарыялаган тизмеден Орусиянын, Кытайдын, Франциянын жана Түштүк Кореянын компанияларын көрүүгө болот.

Талдоочулар Казакстан алардын арасынан Орусиянын "Росатом" компаниясын тандап алат деп кооптонуп жатышат.

АЭС маселесине арналган, бийлик уюштурган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында өттү. Каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган. (RK)

Дагы караңыз

Нидерланд өкмөтү Украинага F16 учактарынан дагы жөнөтүлөрүн билдирдиЭлчи Украина “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун колдой турганын айтты Депутат Көкүлов жалган жалаа үчүн айып салуу айрым гана адамдарга иштей турганын айттыМамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда