Нидерланд өкмөтү Украинага F16 учактарынан дагы жөнөтүлөрүн билдирди

Рубен Брекелманс.

Нидерланддын коргоо министри Рубен Брекелманс Украинага убада кылган F-16 учактарынын (истребител) алгачкылары украин куралдуу күчтөрүнө өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Алгачкы партияга канча учак киргенин ал тактап айткан жок, болгону, «24 учактын калгандары жакынкы айларда барып каларын» кошумчалады.

"Бул өтө чукул арада зарыл болууда. Харьковдо болгонумда Орусиянын аба соккуларынан кийинки кыйроолорду көрдүм, уламдан-улам абадан эскертүү берилип жатты», - деп Брекелманс Украинага 6-октябрда барып кеткенден кийин Х социалдык түйүнүнө жазды.

Ал ошондой эле Нидерланд Украина менен биргеликте байкоо жүргүзүү, коргоо жана чабуул коюу үчүн заманбап дрондорду иштеп чыгуу жана өндүрүү программасы үчүн 400 миллион евро бөлүп жатканын кошумчалады.

Брекелманс Киев абадан коргонуу системаларынан, Patriot зениттик-ракеталык комплекстеринен дагы кошумча сурап жатканын, буга чейин мындай жардам берилгенин, дагы уланарын айтты.

2022-жылдын февралында Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына кабылган Украина Батыштагы өнөктөштөрү менен бирге ага каршы кармашын жүргүзүп келе жатат. (RK)

Дагы караңыз

Депутат Көкүлов жалган жалаа үчүн айып салуу айрым гана адамдарга иштей турганын айттыМамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталуудаГазадагы каардуу согушка бир жыл: Үрөй учурган сандар "Эл үмүтү" стипендиясынын жана "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берүү сунушталууда