Түйшүгү түмөн мугалим

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын мектептеринде ушул тапта 1000дей мугалимдин орду бош экени айтылууда. Билим берүү министрлиги алардын ордун жогорку курстун студенттери жана мугалимдерге ашыкча сааттарды берүү менен чечип жатканын билдирип келет. Кадр тартыштыгынын ар түрдүү себептери бар.

Шаарларда агартуучулар алган айлыгы күнүмдүк керектөөсүнө жетпей турганына даттанышат. “Данисте” бул жолу мугалимдин мээнети, билим берүүнүн түйшүгү тууралуу айтып берет.