“Темировдун жарандыгы калыбына келтирилип, Кыргызстанга кайтарылышы керек”. БУУнун комитетине даттануу жөнөтүлдү

Болот Темиров кармалган учурда жасалган коллаж. Иллюстрациялык сүрөт.

Temirov Livе долбоорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү-журналист Болот Темиров өзүнүн Кыргызстандан мажбурлап чыгарылышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине даттанды.

Ага укуктук жардам көрсөтүп келе жаткан юристтер тобу бул процессте Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт бузулганын билдирип, Темировдун жарандыгын калыбына келтирүүнү жана аны мекенине кайтарууну талап кылды. Журналист кезинде паспортун мыйзамсыз алган деп соттолуп, эки жыл мурда өлкөдөн чыгарылган.

Даттанууда келтирилген жүйөлөр

Болот Темиров жана ага көмөктөшүп жаткан эл аралык юристтер Виталий Морозов, Джульет Соренсен, Меган Осадзински, Джейсон К. ДеСантонун даттануусу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине сентябрдын аягында жолдонгону менен журналист аны эми гана жарыялады.

47 барактан жана 100дөн ашуун бөлүктөн турган даттанууда 2022-жылы журналист Темировго козголгон кылмыш иштери саясий негизде болгону жана аны өлкөдөн чыгаруу боюнча соттун чечимдери мыйзамсыз болгону белгилген. Анда журналист сот адилеттигинен пайдалануу, пикирин эркин билдирүү жана башка укуктары бузулганы жөнүндө сөз болуп, тиешелүү далилдер келтирилген.

Темиров жана юристтер тобу бул процессте Бириккен Улуттар Уюмунун Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын кеминде төрт-беш беренеси бузулганын билдирип, Кыргызстандын бийлигинен Темировдун жарандыгын калыбына келтирүүнү жана аны мекенине кайтарууну талап кылды.

“Темиров мырза Кыргызстан анын укуктарын толук калыбына келтириши (анын ичинде мүлкүн кайтаруу, кенемте төлөө, реабилитациялоо жана канааттандыруучу чараларды көрүшү) үчүн комиссиядан өз мандатынын алкагындагы иш-аракеттерди көрүүнү өтүнөт. Кыргызстан Темиров мырзанын жарандыгын калыбына келтирип, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин артка кайтарышы керек. Мындан сырткары автордун айыптоолоруна байланыштуу чукул жана бейтарап иликтөө жүргүзүшү зарыл жана буга тиешеси бар адамдарды жоопко тартып, келечекте мындай окуялардын алдын алуу үчүн бардык керектүү чараларды көрүшү кажет”, – деп айтылат даттанууда.

2022-жылдын январында журналист Болот Темировдун Ютубдагы Temirov Live каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Мунун артынан эле Темиров кармалып, ага "баңгизат колдонгон" деген айып тагылган. Ошол эле тушта аны менен бирге иштешкен төкмө акын, комузчу Болот Назаров да кармалган. Кийин экөө тең кайра коё берилген.

2022-жылдын ноябрында Болот Темиров кайра кармалып, ага "Орусиянын паспортун пайдаланып, Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган" деген айып тагылган. Ошол эле жылы ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду маңзат сактаган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган. Ушул эле өкүмдү кийин Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот күчүндө калтырды.

Журналист Болот Темиров башынан эле ага карата мындай чечим мыйзамсыз экенин билдирип, мунун баары саясий негизде болгонун билдирип келет.

“Азаттыкка” берген соңку комментарийинде ал БУУнун БУУнун Адам укуктары комитетине жолдонгон даттануусунун максатын мындайча түшүндүрдү:

Болот Темиров

“Биздин юристтердин тобу эл аралык келишимдерге басым жасашты. Кыргызстан кезинде бир топ эл аралык келишимдерге кол коюп, ратификация кылган. Арызда азыркы бийлик – тергөөчүдөн баштап, прокурор, сот, Ташиев жана Жапаровго чейинки бийлик канчалык деңгээлде ошол эл аралык келишимдерди бузуп, тепселегени жазылган. Адам укуктары комитетинин чечими мени канчалык деңгээлде актайт же актабайт, айта албайм. Бирок мурунку чечимдерен улам да билебиз, комитет мага байланыштуу Кыргызстандын бийлигинин чечимин мыйзамсыз деп табат деп ишенем. Анткени БУУнун комитети адилеттүү жана акыйкат карайт. Кыргызстандын атайын кызматынын кызматкерлери жасалма анкетаны далил катары келтирип, кезинде соттор мени мыйзамсыз соттоп коюшкан. Биздин сот системасына ишенич жок”, – деди Болот Темиров.

Пакт жана комитет

Пакт демекчи, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 1966-жылы кабыл алган Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт аны жактырган мамлекеттер милдеттүү түрдө аткара турган келишим.

Кыргызстан документти эгемендик алган соң – 1994-жылы ратификациялап, кошулган. Ага ылайык, өлкө адамдарды жарандык жана саясий укуктарын, жашоо укугун, дин тутуу эркиндигин, сөз эркиндигин, эркин чогулуу, шайлоо жана башка укуктарын толук сактоого милдеттүү.

"Бир дүйнө – Кыргызстан" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова бул иштин БУУнун Адам укуктары комитетине жеткени Кыргызстан үчүн осол иш болгонун белгиледи:

Төлөкан Исмаилова

“Темировго каршы ушундай иш козголуп, жапайычылык ыкма менен сот аркылуу өлкөдөн чыгарылышы, опузаланышы такыр кабыл алынгыс болгон. Керек болсо ал депортация болуп жаткан Орусиядагы укук коргоочулар да, “ал Кыргызстанда туулса, кыргыз болсо, кыргыз жарандыгы болсо, ошого карабай Орусияга чыгарылып жатканы бул кандайча болуп калды” деп таң калышкан. Бул коомчулукта жана укук коргоочулардын арасында абдан трагедиялуу кейс болуп калган. Кийин өзү эле куугунтукка кабыл алынып калбай, коррупциялык иштерди ачып жаткан анын командасы – 11 журналист да куугунтукка туш болду. Эми болсо Болот Темировдун маселеси БУУнун деңгээлинде каралса, Кыргызстандын аброю үчүн бул оор иш болуп калат. Бирок ага кыргыз бийлиги канчалык реакция жасайт ал башка маселе. Дегеним 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюна комитети укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча да даттанууну карап, “Кыргызстанда мыйзамсыз кармалган, кыйноого кабылган жана соттук териштирүү адилетсиз жүргөн” деген бүтүм чыгарган. Бул да Кыргызстандын бетине жабылган көө болуп калган. Эгер Темиров боюнча да комитет ошондой чечим кабыл алса, ал Кыргызстан үчүн жакшы көрсөткүч болуп бербейт”.

Болот Темиров бир нече жылдан бери журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келет. Ишмердигинин алгачкы жылдары мамлекеттик жана көз карандысыз медиаларда иштеп, кийин FactCheck порталын жетектеп турган. Андан соң башкалар менен чогуу Temirov Live жана “Айт, айт десе” медиаларын негиздеген.

Мурдагы бийликтин тушунда да сабалып, куугунтукка кабылган учурлары болгон. Азыркы бийлик да ага жана анын командасына сын маанай менен карап, ишмердигине сыртын салып келет. Бирок көпчүлүк мезгилде ал жана анын командасы жасаган иликтөөлөргө реакция жасап, жооп берип турат.

Быйыл январда Болот Темиров Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген 11 журналист быйыл 16-январда кармалып, камакка алынган. Аларга "Массалык баш аламандыктарды уюштуруу" беренеси менен айып тагылган. Кийинчерээк алардын жетөө үй камагына чыгып, азыр төртөө абакта отурат. Прокуратура 26-сентябрдагы сот отурумунда журналисттердин ар бирин алты жылдан эркиндигинен ажыратууну соттон сураган.

Президент Садыр Жапаров өз интервьюларында бул жана башка журналисттердин кармалышын сөз эркиндигине жасалган чабуул экенин четке кагып, алардын материалдары менен байланыштырган.

Мамлекет башчы Темировдун өзүнүн иши тууралуу комментарийинде ага тагылган айыптарда негиз бар экендигин айткандай болгон:

Садыр Жапаров

“Ал эми Болот Темировго кылмыш иши үч ай мурда эле ачылган. Бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Россиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси дагы табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги дагы тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей. Ушуга баш ийели баарыбыз, ээнбаштык кыла бербей”, – деген президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 25-апрелинде.

Кыргыз сотунун чечимин кезинде бир нече өлкө, бир катар эл аралык уюмдар жана жергиликтүү уюмдар айыптап, журналист Болот Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылганын белгилеген.

Эл аралык уюмдар Темировдун командасындагы 11 журналисттин кармалышын жана соттолуп жатышын да сынга алып, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырышты. Айыпталып жаткандар өздөрүнө тагылган кинени четке кагып келет.