Ош облусунда Ак-Буура дарыясындагы Папан суу сактагычына “Папан” чакан гидроэлектростанциясы курулат. Өкмөттүн басма сөз кызматы ГЭСтин курулуш ишине 5-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров капсула салганын билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына курулуучу чакан ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт, жылына орточо 103 млн кВт/саат электр энергия өндүрөт. Инвестициянын суммасы 27 млн доллар. Чакан ГЭСтин курулушу 2027-жылдын март айында бүткөрүлөт деп пландалган.
“Папан суу сактагычына чакан ГЭСти куруу өлкөбүздү энергетикалык көз карандылыктан куткарууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам”, - деди Акылбек Жапаров.
Чакан ГЭС курула турган Папан ирригациялык суу сактагычы, Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан. Папан суу сактагычынын курулушу 1979-жылы башталып, 1985-жылы ишке берилген. (BTo)
Дагы караңыз
Байден Израилдин Ирандын мунай объектилерине соккусун колдобойтАба ырайы: жаан жаайтУкраина орус аскерлери кеминде 93 согуш туткунун өлтүргөнүн билдирдиБалыкчы-Корумду жолунун курулушчулары айлык ала албай жатышканын айттыКыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөтАрча-Бешикте кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалды