Жо Байден Израилдин Ирандын мунай объекттерине сокку уруусун колдобойт

Жо Байден.

“Азаттыктын” иран кызматы АКШ президенти Жо Байден Израил Иранга каршы кандай жооп кайтарышы керектиги боюнча чечим кабыл ала электигин, бирок Израилге өлкөнүн мунай ишканаларына сокку уруудан баш тартуу кеңешин бергенин жазды.

“Эгер мен алардын ордунда болсом, мунай объектилерине сокку уруудан башка жолдорун карамакмын”, - деди Ак үйдүн жыйындар залында. Жо Байден Израилдин бийлиги 1-октябрда Ирандын масштабдуу баллистикалык ракета чабуулуна жооп катары “эмне кыларын чече электигин” кошумчалады.

Израилдин “Хезболла” менен кармашы өткөн айдын ортосунда күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн. 1-октябрда Иран Израилдин аймагын бутага алып, 180дей баллистикалык ракета учурган. Мындай жагдай жалпы Жакынкы Чыгышта абал курчушу ыктымал деген кооптонууну жараткан.

Ливан өкмөтүнүн расмий маалыматына караганда, бир жылдан берки атышуулардан бул өлкөдө 1900дөй адамдын өмүрү кыйылды, алардын көбү соңку апталарда каза болгондор.

“Хезболланы” АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка, Ливанда “Хезболлага” жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы согушууда. Алар баары Ирандын аймактагы ишенимдүү өкүлдөрү катары саналат. (BTo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: жаан жаайтУкраина орус аскерлери кеминде 93 согуш туткунун өлтүргөнүн билдирдиБалыкчы-Корумду жолунун курулушчулары айлык ала албай жатышканын айттыКыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөтАрча-Бешикте кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалдыЕвробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат4-октябрь: Кумтөрдө алтын өндүрүү азайды, Иркутскиде өзбек жана тажик мигрант активисттер кармалды