Украина орус аскерлери кеминде 93 согуш туткунун өлтүргөнүн билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын укук коргоо органдарында Орусиянын аскерлери кеминде 93 украиналык аскер туткунун өлтүргөн деген маалымат бар экени кабарланды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын Аскердик департаментинин башчысы Юрий Белоусов айтканын “Украинская правда” гезити жазды.

Юрий Белоусов туткунга түшкөн украиналык аскерлердин 80% ушул жылы өлтүрүлгөнүн, 2023-жылдын ноябрь айынан бери “орусиялык аскерлердин украиналык туткундарга мамилеси кыйла начарлап кеткенин” кошумчалады.

Орусия бул тууралуу комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Согуш туткундарын өлтүрүү согуштун курмандыктарын коргоо боюнча Женева конвенциясын бузуу болуп саналат. Туткундардын өмүрүнө же ден соолугуна каршы жасалган ар кандай зомбулук согуш кылмышы катары бааланат. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга чейин Украина да, Орусия да Женева конвенциясын бузган учурлар бар экенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Балыкчы-Корумду жолунун курулушчулары айлык ала албай жатышканын айттыКыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөтАрча-Бешикте кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалдыЕвробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат4-октябрь: Кумтөрдө алтын өндүрүү азайды, Иркутскиде өзбек жана тажик мигрант активисттер кармалды