Балыкчы-Корумду жолунун курулушчулары айлык ала албай жатышканын айтты

Балыкчы-Корумду жолу. 2017-жыл.

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Корумду автоунаа жолун куруп жаткан 80ге жакын жумушчу сегиз айдан бери кытайлык “Лонг Хай” компаниясынан айлык ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды. Алар ишкана эч кандай түшүндүрмө бербестен маяналарын кармап жатканын билдиришүүдө.

“Клооп” порталы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Лонг Хай” компаниясы финансылык кыйынчылыктан улам жумушчуларына айлык төлөй албай жатканын ырастаганын жазды. Ишкана Кытайда мамлекеттик майрамдардан улам банктар иштебей акча которулбай жатканын, жумушчуларга маяна 8-октябрда берилерин кабарлаган.

104 чакырымды түзгөн Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна бюджеттен 6 миллиард 800 миллион сом каралган. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок азыркыга чейин бүтө элек. Жумушчулардын айлык маселеси буга чейин да бир нече жолу көтөрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөтАрча-Бешикте кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалдыЕвробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат4-октябрь: Кумтөрдө алтын өндүрүү азайды, Иркутскиде өзбек жана тажик мигрант активисттер кармалды