Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөт

Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектептерде сабак берген мугалимдердин жалпы санынын 86% аялдар түзөт. Алардын 5% директор жана директордун орун басары болуп иштейт.

Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет.

Орто мектептерде 90 миңден ашык мугалим иштесе, анын ичинен 30 миңден көбү шаарларда, 63 миңден ашууну айыл жерлеринде эмгектенет. Мектептерде мугалимдердин иш жүктөмү жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Шаардагы мектептерде бир мугалимге 19 окуучу туура келсе, ал эми айылдарда 14 окуучу болот.

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет. Мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген. (BTo)

Дагы караңыз

Арча-Бешикте кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалдыЕвробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат4-октябрь: Кумтөрдө алтын өндүрүү азайды, Иркутскиде өзбек жана тажик мигрант активисттер кармалдыБосния жана Герцеговинада селден кеминде 14 адам каза болдуХаменеи Иран Израилге каршы күрөшүндө артка чегинбей турганын айтты Журналисттер союзуна жаңы төрага шайландыПакистанда оппозициянын митингин өткөрбөө аракети көрүлүүдө