Арча-Бешикте кызды сүзүп кеткен 16 жаштагы айдоочу кармалды

Lexus 470 машинесинин айдоочусу.

Бишкектин Арча-Бешик конушунда автоунаа менен 10 жаштагы кызды сүзүп, андан ары жеке бала бакчанын короосуна кирип кеткен 16 жаштагы айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, окуя 4-октябрда кечке жуук Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсүндөгү №134 үйдүн тушунда болгон. Lexus 470 машинесин айдап бараткан өспүрүм рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ал 10 жаштагы кызды сүзүп, менчик бала бакчанын дубалын жарып короосуна кирип кеткен. 10 жаштагы кыз кырсык болгон жерден каза тапкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жаракат алган.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза тапкан. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo)

Дагы караңыз

Евробиримдик Кытайдын электромобилдерине тарифти 45% жогорулатат4-октябрь: Кумтөрдө алтын өндүрүү азайды, Иркутскиде өзбек жана тажик мигрант активисттер кармалдыБосния жана Герцеговинада селден кеминде 14 адам каза болдуХаменеи Иран Израилге каршы күрөшүндө артка чегинбей турганын айтты Журналисттер союзуна жаңы төрага шайландыПакистанда оппозициянын митингин өткөрбөө аракети көрүлүүдө