4-октябрь: Кумтөрдө алтын өндүрүү азайды, Иркутскиде өзбек жана тажик мигрант активисттер кармалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде, 30-октябрь, 2023-жыл

4-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Кыргызстан Газадагы жана Ливандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан Газа тилкесиндеги "кайгылуу окуяларга, гуманитардык кризиске" жана Израилдин Ливандын түштүгүндөгү чабуулдарына "чоң тынчсыздануу" менен көз салып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу Катар мамлекетинин Доха шаарында өтүп жаткан Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун кезектеги саммитинде айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 4-октябрда кабарлады. Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 251 кишини барымтага алып кеткен. Кийин алардын айрымдары бошотулса, кээ бирлери каза болгон. Дагы ондогон туткун ХАМАСтын барымтасында кала берүүдө. Израил бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуулун баштаган. Андан бери Газадагы саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына ылайык, тилкеде 41 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Азыркы тапта Израил армиясы Ливандын түштүгүндөгү “Хезболла” тобуна жана Йемендеги хуси козголоңчуларына каршы күрөшүп жатат. Алардын баары Иран колдогон куралдуу топтор деп саналат.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар Бишкек шаардык сотунун коллегиясына ишенбестик көрсөтүштү

Бул тууралуу "Азаттыка" адвокат Кантемир Турдалиев билдирди. "Бүгүнкү отурумда судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөттүк, бирок сот аны канаттандырган жок", - деди адвокат. Быйыл 14-июнда “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Шаардык сот райондук соттун бул иш боюнча айыпталгандарды актоо өкүмүн жокко чыгаруу тууралуу прокуратуранын апелляциялык арызын карап жатат. Шаардык соттогу отурумдар 6-августта башталып, андан бери түрдүү себептерден улам жылып келүүдө. Буга айрым айыпталуучулар жана алардын адвокаттары келбей калганы себеп болгонун белгилешет.

“Кумтөр Голд Компани” алтын өндүрүү убактылуу азайып жатканын билдирди

4-октябрда ишкананын сайтына чыккан маалыматта бул тоо-кен өндүрүшүндө кадыресе көрүнүш экени, алтын өндүрүүдөгү мындай өйдө-ылдый абал Кумтөрдүн тарыхында көп эле жолу болгону айтылат. Компания 2024-жылы 12,5 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Ушул тапта алтын казуу иши белгиленген график менен жүрүп жатканын, жыл жыйынтыгы боюнча бардык маалыматтар 2025-жылдын I кварталында жарыялана турганын билдирди. Бирок быйыл алтын коюлган пландан канчага аз өндүрүлөрүн тактаган жок. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 14 тонна алтын өндүрүү планын коюп, соңунда 13 тонна 567 килограмм алтын алган.

Кыргызстан менен Италия шектүү жана соттолгон адамдарды экстрадициялоону макулдашты

Эки өлкө ортосундагы келишимге Кыргызстандын башкы прокурору жана Италиянын юстиция министри кол коюшту. Аталган макулдашуулар атуулдарды жазык жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле соттолгон жарандарды жаза өтөө үчүн өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү жол-жоболорун жөнгө салат. Бул келишимдерге кол коюу эки өлкөнүн сот адилеттигинин эл аралык стандарттарына берилгенин баса белгилейт. Башкы прокуратуранын 14-сентябрдагы маалыматында, Италиянын жаза аткаруу мекемелеринде 12 кыргызстандык кармалып турат.
Башкы прокуратура чет өлкөлөрдө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоо боюнча 18 мамлекет менен кызматташат.

Хаменеи Иран Израилге каршы күрөшүндө артка чегинбей турганын айтты

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи өлкөнүн Израилге каршы эки күн мурдагы ракеталык чабуулу «жүйөлүү жана мыйзамдуу» болгонун, «зарыл болсо» Тегеран аны кайталашы мүмкүн экенин билдирди. Хаменеинин бул билдирүүсү Израил Ливандын борбор калаасы Бейруттун чет жакасында бул өлкөнүн түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Хезболла” куралдуу тобунун өкүлдөрүнө абадан чабуул койгону маалымдалып жаткан учурда жасалды. «Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Иркутскиде өзбек жана тажик мигранттары түзгөн эки борбордун жетекчилиги кармалды

“ИрСити” басылмасы Орусиянын Тергөө комитетинин Иркутск облусу боюнча башкармалыгынын 3-октябрдагы маалыматына таянып жазгандай, Иркутскиде "мыйзамсыз миграция уюштурган" деген шек менен өзбек улуттук борборунун башчысы Юсуп Кулматов жана тажик диаспорасынын башчысынын орун басары (анын аты-жөнү кабарланган жок) кармалды. Кылмыш иши быйыл май айында мигранттардын мектеби жабылган окуя боюнча тергелип жатканы кабарланды. Кармалган жетекчилерди тергөөчүлөр жалпысынан 1,5 миллион рубль пара алган деп айыптап жатышат. Быйыл 30-сентябрда Мамлекеттик Дума мыйзамсыз миграция үчүн жаза чарасын катуулаткан беш мыйзам долбоорун карай баштады. Талдоочулар орус бийлигинин мындай аракетин мигранттарды көбүрөөк кармап, Украинадагы согушуна салуу саясаты деп атап жатышат.

Босния жана Герцеговинада селден кеминде 14 адам каза болду

Дагы “көптөгөн” кишинин дайыны табылбай жатканы, өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактарында абал оор экени маалымдалууда. Кээ бир жерлерде жер көчүп, айрым аймактарда суу үйлөрдү чатырына чейин каптады. Жолдор талкаланып, мобилдик байланыш үзгүлтүккө учурады. Коргоо министрлиги кырсыктын кесепетин жоюу үчүн жабыр таркан аймактарга аскерлер жөнөтүлүп жатканын билдирди. Кырсык болгон айыл-кыштактардын үстүнөн дрон менен тартылган видеолордон кээ бир жерлерди суу толугу бойдон каптаганын, ал эми социалдык түйүндөрдөгү сүрөт-видеолордон ылай аралаш суу агып, жолдор талкаланып жатканын көрүүгө болот. Кооптуу кырдаал түзүлгөн шаарларда темир жол каттамы убактылуу токтотулду.

Казакстанда АЭС курууга каршы активисттерди кармоо уланууда

"Ар.Рух.Хақ" фондунун башчысы, казакстандык укук коргоочу Бахытжан Төрегожина 27 кишинин аты-жөнү жазылган тизмени жарыялады. Буга чейинки тизмеде 17 киши бар болчу. Бул тизмеге кирбей калган, тартип жазасына тартылганы айтылып жаткан кишилер да бар экени кабарланды. Жарандык активист Абзал Достияровдун айтымында, 3-октябрда полиция Гүлжахан Байит аттуу активистти кармап кетип, колундагы АЭСке каршы плакатты «мыйзамсыз үгүт» деп баалап, 42 миң теңге айыппул төлөөгө милдеттендирди. Мониторинг жүргүзүүчү Notextremists тобу билдиргендей, жарандык активист Канатхан Амренов 20 күнгө камакка алынды, ал «тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын бузган» деп айыпталууда. Астана шаарында 10 күндүк камакка Жасулан Копеев аттуу жаран алынды.