Дарыгерлер пара алууга шектелип кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук кооасуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы 4-октябрда кабарлагандай, Бишкектеги Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан акча каражаттарын такай алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалды. Экөө тең УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"К.А.С. жана анын жакын туугандарынын болжолдуу суммасы 2 миллион доллардан ашык мүлкү бар. Бул сумма директордун ооруканадагы ишмердигинен алынган реалдуу кирешеге дал келбейт, анын жылдык маянасы 400 миңди түзөт", - деп жазылган маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгону, анын алкагында аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлер жана мыйзамсыз иш фактылары аныкталып жатканы кабарланды.

Атайын кызмат кармалган жарандардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандарды кайрылууга чакырды.

УКМК министрликтерде жана мекемелерде коррупцияны алдын алуу жана жоюу, мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык кыянатчылыктарын аныктоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын эскертүүдө. (ZKo)

Дагы караңыз

Украина Орусия дрон жана ракета менен аткылаганын, үч киши каза болгонун билдирди Кыргызстан Газадагы жана Ливандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирдиБейрутта бир нече жолу катуу жарылуу болдуМинистр Кыргызстанда курууну пландап жаткан АЭС боюнча маалымат бердиТөкмө акын Темирбек: Маданият айдыңы, майдаланды бардыгы...