Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору адистерди ишке чакырууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу жаңы түзүлүп жаткан Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборуна адисттер жумушка кабыл алынат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборуна эксперт, программисттер керек.

20-сентябрда интернетте мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборуна Бактыгүл Иманбек кызы жетекчи болуп дайындалган. Ал борбор интернет коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып бара турганын билдирди. Коомдо борбор "цензурага курал болушу мүмкүн" деген тынчсыздануу бар.

Кыргызстандагы медиа каражаттарында, интернетте жана социалдык түйүндөрдө жалган маалымат тараткандарга айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңештин бир комитетинен биринчи окуудан өттү.

Ал кабыл алынса, интернет желесинде жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, андай маалымат чыгарган медиалар 200 миң сом айып төлөйт. Интернеттеги маалыматтардын чын-төгүнүн биз кеп кылып жаткан Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору тескейт. Парламентте бул мыйзамды айрым депутаттар сындап чыккан, бирок ага карабай экөө гана каршы добуш берип, натыйжада көпчүлүк добуш менен өтүп кеткен. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстан Газадагы жана Ливандагы окуяларга тынчсыздануусун билдирди