Министр Амангелдиев Кыргызстан санкцияга туш болгон товарларды киргизбей жатканын билдирди

Данияр Амангелдиев.

Кыргызстан эл аралык санкцияга киргизилген товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев журналисттерге билдирди.

"Биздин тиешелүү чектөөлөргө ээ болгон милдеттенмелерибиз бар. Бул товарлар бизге эч качан келген эмес жана биздин аймакка өткөн эмес", - деди министр.

Данияр Амангелдиев сооданын ачыктыгын камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргызстанда Соода компаниясы түзүлгөнүн кошумчалады. Анын берген маалыматында бул компания өлкөгө санкциялар тизмесиндеги товарлардын киргизилбешин камсыздайт.

Сентябрь айында Кыргызстанда Министрлер кабинети Соода компаниясы түзгөн. Ага Экономика жана коммерция министрлиги ээлик кылат. Аталган мекеме кыргызстандык ишканалардын үлүшү болгон, бирок Кыргызстанга товарлары киргизилбеген соода агымын көзөмөлдөйт.

Быйыл жайында Улуу Британия Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип, Украинадагы согуштук аракеттерди каржылоого көмөктөшүүдө деген жүйө менен бир катар компанияларга санкция салган. Алардын катарында Кыргызстанда каттоодо турган ишкана да аталган. Өткөн аптада Вашингтон да кыргызстандык эки компанияга "Орусия менен активдүү кызматташканы" үчүн санкция салган. Андан мурун да АКШ кыргызстандык бир канча компанияны кара тизмеге киргизгени белгилүү.(ZKo)

Дагы караңыз

"Жарандык активизмди жок кылууга багытталган". Варшавада "чет элдик өкүл" мыйзамы талкууланды НАТОнун жаңы башкы катчысы Киевге барды3-октябрь: Журналисттердин соту, Газада ХАМАСтын бир лидери жок кылынганы кабарландыЕврокомиссия Венгрияны Орусияныкына окшош мыйзамы үчүн сотко берди"Миллион сомго чейин айып пул келди". Ишкерлер Салык кызматына нааразылык билдирүүдө