Еврокомиссия Венгрияны Орусияныкына окшош мыйзамы үчүн сотко берди

Виктор Орбан.

Европа Биримдигинин жогорку аткаруу органы – Европа комиссиясы Люксембургдагы Европа сотуна Венгрияга каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Еврокомиссия 3-октябрда билдирип, Будапешт жакында кабыл алган улуттук суверенитетти коргоо жөнүндөгү мыйзам Евробиримдиктин мыйзамдарына каршы келерин белгиледи.

Премьер-министр Виктор Орбандын ФИДЕС партиясынын демилгеси менен былтыр декабрда кабыл алынган мыйзам, Еврокомиссиянын пикиринде, өлкөдөгү саясий партиялардын сырттан каржыланышына тыюу салат жана мындай талапты бузгандарды кылмыш жообуна тартууга жол ачат. Ошондой эле саясатка тыштан таасир этүү аракеттерин алдын алуучу өзүнчө өкмөттүк орган түзүлөт.

Орусиячыл саясатчы, бул өлкөнүн президенти Владимир Путин менен жакшы мамиледеги адам катары белгилүү Орбандын тарапкерлери мындай мыйзам улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн зарыл экенин айтып, ал эми өкмөт башчы өзү эл аралык бейөкмөт уюмдарды Венгриянын ички иштерине кийлигишүүдө деп айтып келишет.

Оппозиция мындай мыйзамдын кабыл алынышы менен демократиялык нормалардын бузулушуна, саясий оппоненттерди басмырлоого ыңгайлуу шарт түзүлөрүн, мыйзам Орусияда оппозицияны чектөө үчүн кабыл алынган "чет элдик агент" мыйзамына үндөш экенин белгилеп жатышат.

Еврокомиссия мыйзамга байланыштуу айтылып жаткан кооптонууларга көңүл буруу керектигин Венгрияга эки жолу эскерткенин, бирок мындай кайрылуусу жоопсуз калып жатканын айтып, Евробиримдиктин Хартиясында жазылган жеке жана үй-бүлөлүк жашоого урматтоо менен мамиле жасоо, пикирин билдирүү, маалымат алуу, тынч жыйындарды өткөрүү сыяктуу укуктарга коркунуч жараларын белгиледи.

Эгер сот арыздагы талапты канааттандырса, анда Венгрияга өтө чоң өлчөмдө айыппул салынышы мүмкүн.

Буга чейин Евробиримдик Венгрияга деген миллиарддаган еврону бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу тууралуу айыптоолордон улам токтотуп койгон, кийин анын кайсы бир бөлүгүн бөлүп берген.

Венгрия бийлигинин Евробиримдиктеги көпчүлүк өлкөлөр жана бул уюмдун башкаруучу органдары ортосунда бир катар маселелер, анын ичинде Украинага колдоо көрсөтүү боюнча пикир келишпестиктери бар.

"Чет элдик агент" тууралуу мыйзам постсоветтик өлкөлөр арасында алгач Орусияда кабыл алынган. Адатта мындай аныктамага бийликтин ачык, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар туш болот. (RK)

Дагы караңыз

"Миллион сомго чейин айып пул келди". Ишкерлер Салык кызматына нааразылык билдирүүдө3-октябрь: Журналисттердин соту, Газада ХАМАСтын бир лидери жок кылынганы кабарланды11 журналисттин иши: Сот соңуна чыгып калдыЛиванда Израилдин соңку соккусунан ондогон киши набыт болду