11 журналисттин иши боюнча сотко кабарчылар кирбей калды

Соту болуп жаткан 11 журналист. "Азаттыктын" коллажы.

Бүгүн, 3-октябрда 11 журналисттин сотун чагылдырууга барган жыйырма чакты кабарчы "залга батпай калдыңар" деген себеп менен сот залына киргизилген жок.

"Азаттыктын" кабарчысы Ленин райондук сотунан маалымдагандай, аларды сот аткаруучулар "залда орун жок" деген жүйө менен киргизишкен жок.

Бишкектин Ленин райондук соту 3-октябрда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин ишин кароону улантты. Бул күнкү отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөй турганы жана өкүм чыгары кабарланган.

Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар жана айыпталуучулар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, актоону өтүнүшкөн.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушу тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагып келет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh/ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка орноштурган эки компаниянын ишине тыюу салындыКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн согушту толук токтотууга чакырдыОрусия: Өтмүштөгү “англосакс” сөзүнүн путинчилердин тушундагы жаңыча саясий жүгүИран чабуулду токтотту. Израил жооп болорун эскертти