Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн согушту толук токтотууга чакырды

Израилдин Ашкелон шаарына багытталган Ирандын ракеталары. 1-октябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдү согуштук аракеттерди толук токтотууга чакырган билдирүү таратты.

2-октябрдагы билдирүүдө өлкө Жакынкы Чыгыш аймагында кырдаалга терең тынчсыздануу менен көз салып турганы айтылып, чатакташкан тараптарды эл аралык жоболорду жана укуктук нормаларды сактоого, ошондой эле аймактагы кырдаалды курчутууга алып келүүчү аракеттерден карманууга чакырган.

"Кыргызстан согуштук аракеттерди тезирээк жана толук токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт", - деп жазылган анда.

ТИМ Кыргызстандын жарандарын аймактагы өлкөлөр: Израил, Иран жана Ливанга туруксуздуктан улам тобокелдиктер күчөп турган кезде барбай турууга чакырды.

Кандайдыр бир зарылдык, жардам жана маалымат алуу үчүн Кыргызстандын:

- Кувейттеги элчилигине +96525359951;
- Түркиядагы элчилигине +905456896800;
- Ирандагы элчилигине : +989352505226 жана ТИМдин Консулдук департаментине +996999312002 телефондору аркылуу байланышууну маалымдады.

2-октябрда Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотуп, зарылдык болбосо чабуул кайра жанданбай турганын эскертти. 1-октябрдын кечинде Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.

Тегеран өз кадамын Ливандагы “Хезболла” уюмуна каршы Израилдин операциясы үчүн өч алуу катары түшүндүрдү. Расмий Тель-Авив Ирандын бул чабуулунун кесепети оор болорун эскертти.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусия: Өтмүштөгү “англосакс” сөзүнүн путинчилердин тушундагы жаңыча саясий жүгүИран чабуулду токтотту. Израил жооп болорун эскертти 2-октябрь: 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо башталат, Газада ЦАХАЛдын соккусунан 51 киши өлгөнү кабарландыӨзгөн айланма жолун Тай-Мурас Ташиевге таандык компания курат