Өзгөн айланма жолун Тай-Мурас Ташиевге таандык компания курат

Иллюстративдик сүрөт

Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп берип, Өзгөн шаарын айланып өтө турган жолду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевге таандык компания куруп жатканын, бул үчүн ага рахмат айтыш керектигин билдирди. Айланма жол 14 чакырымга созулат.

Айланма жол 14 чакырымга созулуп, андан өткөн жеңил машинеден 200 сом, жүк ташуучу автоунаадан 700 сом алына турганы айтылып жатат. Өкмөт менен жолду салып жаткан компания 49 жылга келишим түзгөн.

"Тай-Мураска рахмат айтпайлыбы"

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Өзгөн айланма жолун куруп жаткан компания УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мураска тиешеси бар экенин ырастады. Жапаров бул айланма жолго мамлекеттин акчасы салынса, анда ондогон жылда өзүн актай турганын, ушундан улам жеке жактарга берүү чечими кабыл алынганын белгиледи:

Садыр Жапаров.

“Ал эми Өзгөн айланма жолун салып жаткан Тай-Мураска рахмат эле айтпайлыбы. Акчасы бар адамды издеп, инвестор таап келип, салып жатканына ыраазы болушубуз керек. Тай-Мурас эгер мамлекетке зыян келтире турган болсо өзү ачкан компанияны киргизмек беле? Андай боло турган болсо бат эле билинип каларын жакшы билет да. Мамлекетке пайда келтирип жатканы үчүн ишенимдүү түрдө киришип жатат да”.

Жапаров мамлекет бир гана Өзгөн жолун эмес, дагы бир катар жолдорду жеке менчикке берүүгө даяр экенин айтты. Мисал катары Алматы - Кемин - Ысык-Көл, Бишкек - Кемин, Суусамыр-Арал жолдорун айтты.

30 жаштагы Тай-Мурас Камчыбек Ташиевдин тун уулу. Ал 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жалал-Абад шаардык кеңешке депутат болуп шайланган жана көп өтпөй ишкерлик менен алектенерин айтып, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

"Жеңил машинеге 200, жүк ташуучу автоунаага 700 сом"

Быйыл 26-январда Өзгөн районунун администрациясы “Тез жол” жана “Жагалмай” деген эки компания менен Өзгөн шаарын айланып өтө турган жол салуу үчүн келишим түзүп, долбоордун наркы 29 млн. доллар экени айтылган.

Өзгөн айланма жолуна байланыштуу келишим түзүү учуру.

Ошондо Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мекемеси Кыргызстанда алгачкы жолу акы төлөнүүчү жол боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган. Аталган иш чарага Инвестициялар боюнча агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, "Тез жол" жана "Жагалмай" компанияларынын жетекчилери катышкан.

Келишимге ылайык, райондук бийлик жол үчүн жер бөлүп берсе, калган чыгымын эки компания көтөрө турган болгон. Айланма жол ушул жылдын аягына чейин ишке берилип, андан өткөн ар бир жеңил машинеден 200 сом, чоң машинеден 700 сом алынат. “Тез жол” компаниясынын директору Нурлан Кайыңбаев келишим 49 жылга түзүлгөнүн билдирди.

"Альтернатива бар. Каалаган адам бекер жол менен кете берсе болот. Жеңил машиненин өтүшү 200 сом, чоң машиненики 700 сом болот. Келишим 49 жылга түзүлгөн. Эл аралык практикада мамлекет айрым тобокелчиликтерди өзүнө алат да. Мисалы, пландалган 5000 машине өтпөй калса, анда жетпей калган каражатты төлөп берет. Бирок бизде мындай эмес. Элде нааразылык болбосун деп болгон тобокелчиликтерди өзүбүз алып жатабыз. 1-январдан тарта жол колдонула баштайт. Өзгөн шаарындагы тыгын маселеси чечилет. Анын үстүнө Бишкек-Ош жолунун машине өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт", - деди Кайыңбаев.

14 чакырымга созулган Өзгөн айланма жолун салып жаткан “Тез жол” компаниясына Аскарбек Каландаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы Тай-Мурас Ташиев ээлик кылат.

"Тез жол" компаниясынын негиздөөчүлөрү. Юстиция министрлигинин сайтынан алынган маалымат.

Ал эми курулушка жооптуу “Жагалмай” компаниясы Зарылбек Сарсеитов менен "Грант Холдинг" деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. "Грант Холдингге" болсо мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов менен Тай-Мурас Ташиев ээлик кылат.

Быйыл май айында Евразиялык өнүктүрүү банкы “Тез жол” жана “Жагалмай” компаниясы менен меморандумга кол коюп, 29 млн. 900 миң доллар бере турганы айтылган.

Өзгөн айлампа жолун куруп жаткан компанияга Ташиевдин уулунун тиешеси бар экенин иликтөөчү журналист Болот Темиров бир күн мурда жарыялаган. Ал мамлекет жетекчилеринин жакындары ири долбоорлорго катышып жатканы күдүк ойлорду пайда кыларына токтолгон:

Болот Темиров.

"Мүмкүн президент үчүн, же болбосо Ташиев үчүн жөнөкөй, кадыресе окуя болушу мүмкүн. Бирок бул окуя түздөн-түз үй-бүлөлүк башкаруунун белгиси да. Ачык атаандаштык болушу керек. Бирок экономиканын, бизнестин мыйзамдарын бузуп, өзүнүн жакындарын, балдарын ири долбоорлорго аралаштырып, баштартып жатышат", - деди Темиров.

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде мурдагы журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган уулуна байланыштуу суроолорго да жооп берген. Анткени Рустам Жапаровдун ысымы да ири долбоорлордо аталып калат. Уулу инвесторлорду тартуу менен алек болуп, Ысык-Көлдө гольф аянтчасын салдырып жатканын айткан:

“Андан сырткары, өлкө боюнча ар бир айылга жарыгы менен камсыз болгон футбол аянтчасын курдурам деп былтыр иш баштаган. Бүгүнкү күндө Түп, Ак-Суу райондорун бүтүрүп, Жети-Өгүзгө жетип калды. Азыр эми бир эле маалда тигил жагы Баткенден, бул жагы Ат-Башыдан баштайбыз деп турушат. Алдыдагы 5 жылда өлкө боюнча бир дагы айыл футбол аянтчасыз калбайт деп жар салбай эле, мактанбай эле иштеп жүрүшөт”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчы анын жакындары эч качан мамлекеттин ишине аралашпай турганын кошумчалаган.

Материал даярдалып жатканда Тай-Мурас Ташиев жана Камчыбек Ташиев менен байланыша алган жокпуз. Алар өздөрү дагы комментарий бере элек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзгөн айланма жолун Тай-Мурас Ташиев куруп жатат

"Мамлекетке тапшырарда капиталдык ремонттон өткөрүшөт"

Негизи Бишкек-Ош жолунун Өзгөн шаарын кесип өткөн бөлүгүндөгү жол тыгын айдоочуларга ыңгайсыздык жаратат. Өзгөчө базар күндөрү узун тыгын пайда болот. Андыктан айланма жол куруу сунушу көптөн бери эле айтылып келген.

14 чакырымга созулган акы төлөнүүчү жол Ана-Кызыл айылынан Кароол айылына чейин уланат. Бул тилкеде бир дагы жол менен түз кесилишпеши үчүн бир нече өтмөктөр да курулат. Мындан тышкары көпүрө да салынууда.

Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов "Азаттыкка" мындай деди:

"Мамлекеттин бир сом дагы кетпейт. Өзгөн районунун администрациясы жерин бөлүп бердик. Булар келишимдин мөөнөтү учурунда эки жолу капиталдык оңдоодон өткөрөт. Жолду да өзүлөрү тейлейт. Бул деген транзиттик жол болот. Анын кирген жана чыккан эле жери бар. Ортосунан эч ким кире албайт. Ал эми айыл чарба жолдору үчүн өтмөктөр жасалып жатат".

Өзгөн айланма жолунун картасы

Жолду курууга 98 гектар жетет кетет, анын 30 гектары дыйкандардын айдоо жерлери. Өзгөндүн акими Апбасов ал маселе толугу менен чечилгенин айткан. Жаңы айланма жол маршрутту 10 чакырымга кыскартат. Жолдун жазылыгы 32 метр, узундугу 14 чакырым.

Кыргызстанда буга чейин акы төлөп өтө турган жолдор болгон эмес. Өзгөндөгү айланма жол ушул жылдын соңунда курулуп бүтөрү маалым болгон.

Буга чейин аталган жолдун курулушунун жүрүшү менен расмий жетекчилер, депутаттар бир нече жолу таанышып, мамлекеттик маалымат каражаттары байма-бай чагылдырган эле. Ал жерге Камчыбек Ташиев өзү да барып келген.