HRW Кыргызстанды "экстремисттик" материалдар боюнча сунушту четке кагууга чакырды

Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Кыргызстан бийлигин «экстремисттик материалдарды сактаган» деп таанылган жаранын эркиндигинен ажыратуу тууралуу сунуштарды четке кагууга чакырды. Уюмдун 2-октябрдагы билдирүүсүндө экстремизмге каршы күрөш жарандын негизги укуктарына коркунуч жаратуучу накта кылмыштуу аракеттерден тыш болушу керектиги, мындай күрөш өтө так жана кылдат жүргүзүлүшү зарыл экени белгиленди.

«Кыргызстан туура сынга алынгандан кийин токтотулган жараксыз саясатына кайра кайтпастан, сөз эркиндигин жана дин тутуу эркиндигин коргоо жаатындагы ишмердигин күчөтүүгө аракет кылышы керек. Экстремизм боюнча өтө эле кеңири мыйзамдар жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргогонго караганда залакасы көбүрөөк экенин өкмөт түшүнүүсү зарыл», - деди уюмдун Борбор Азия боюнча адиси Сыйнат Султаналиева.

Султаналиеванын белгилешинче, «Экстремисттик экендиги так аныкталбаган материал үчүн кылмыш жообуна тартуу аракети бийликтикинен айырмаланган көз караштагы адамдарды, алардын арасында саясий оппоненттерди, журналисттерди, укук коргоочуларды жана диний азчылык өкүлдөрүн куугунтуктоого жол ачат».

Уюмдун маалыматына караганда, Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесине өзгөртүү киргизүү тууралуу иштеп чыккан мыйзам долбоору 3-сентябрда коомдук талкууга коюлган. Анда «экстремисттик маалыматтарды сактап жүргөн» деп таанылган кишини эркиндигинен ажыратуу тууралуу норманы кайра калыбына келтирүү сунушталган. Эгер милиция мекемесинин мындай сунушу колдоо тапса, жазуу түрүндө эскертүү алган жаран үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

Human Rights Watch 2018-жылы изилдөө жүргүзүп, мындай эреже эч кандай зомбулукка үндөбөгөн эле диний материалдар үчүн кармалган жүздөгөн адам кылмышкер аталып, сот жообуна тартылып келатканын аныктап чыккан. 2019-жылы андай эреже токтотулган.

Уюм сунушталып жаткан мыйзам аталган берене боюнча соттолгондорго мөөнөтүнөн мурда бошонуусуна, сыноодон өтүү укугуна ээ болуусуна же башка жаза менен алмаштыруусуна мүмкүнчүлүк бербей турганын белгилөөдө. Ал эми ушул эле сунуштун негизинде Жарандык-процесстик кодекске толуктоолор киргизилсе, уюмдун пикиринде, прокурорлорго уюмдарды же маалыматтык материалдарды «экстремисттик» же «террордук» деп үч-беш күндүн ичинде эле жарыялоого мүмкүнчүлүк берилет, бул өз кезегинде жарандык уюмдардын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын тез арада жабылышына алып келет. (RK)

Дагы караңыз

Коррупциядан түшкөн каражатты легалдаштырууга тыюу салуу сунушталды Токтогул суу сактагычында суу 13 млрд метр кубдан ашты"ЕАЭБ нормасына каршы келбеши керек". Бишкектин Москванын миграция мыйзамына реакциясы