Иран ракета менен аткылады, Израил жооп болорун эскертти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран тараткан маалыматка караганда, "зарылчылык болбосо" чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрда Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды. Тегеран өз кадамын Ливандагы “Хезболла” уюмуна каршы Израилдин операциясы үчүн "өч алуу" катары түшүндүрдү. Тель-Авив Ирандын бул чабуулунун "кесепети оор болорун" эскертти.