АКШда вице-президенттикке талапкерлердин дебаты өттү

Тим Уолз жана Жей Ди Вэнс.

АКШда 1-октябрда вице-президенттикке талапкерлер – Миннесотанын губернатору, демократ Тим Уолздун жана Огайодон сенатор, республикачы Жей Ди Вэнстин шайлоо алдындагы дебаты өттү.

1,5 сааттан ашык убакыт уланган дебатта талапкерлер Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал, мыйзамсыз миграция, климаттын өзгөрүүсү, турак жай көйгөйү, жарандардын курал-жарак алып жүрүү укугу, инфляция, аялдардын репродукциялык укуктары, дары-дармек баасы жана Кошмо Штаттардагы демократия алдындагы коркунучтар тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Жалпысынан өлкөнүн ички көйгөйлөрү тууралуу сөз болду, Украинадагы согуш боюнча эч нерсе айтылган жок. Израил Иранга сокку урушу керекпи же жокпу деген суроону экөө тең жоопсуз калтырышты.

Эки талапкер тең өз партиясына көбүрөөк добуш бере турган суроолорго кайрылышты. Республикачылар партиясынын өкүлү Жей Ди Вэнс демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис азыркы президент Жо Байдендин администрациясында чек ара коопсуздугуна жооптуу болуп турган кезде миллиондогон киши АКШга мыйзамсыз, эч тоскоолдуксуз кирип кеткенин, азыр ошол мыйзамсыз мигранттар өлкө үчүн чоң көйгөй болуп жатканын айтты.

Демократтар партиясынан вице-президенттикке талапкер Тим Уолз мурдагы президент, азыркы шайлоодо Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трампты аялдардын аборт жасатуу укугунан ажыратуу аракети үчүн сындады.

Талдоочулар бул таймашта республикачылардын талапкери Вэнс атаандашына караганда ишенимдүүрөөк көрүнгөнүн, демократ Уолз партиясынын президенттикке көрсөткөн талапкеринин атына көлөкө түшүшүнө жол бербегенин белгилеп жатышат.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Мас абалында автоунаа айдаган Сот департаментинин кызматкери иштен кетти Президент Жапаров Тай-Мурас Ташиев Өзгөн жолунун курулушуна инвестор тапканын айтты Орусия Украинанын Угледар шаарын ээлегени кабарланууда"Кыргызгеология" 2025-жылы Жетим-Тоодо чалгындоо иштери башталарын билдирди