Социалдык келишим алгандардын айрымдары айына 20 миң сомдон киреше таап жатканы айтылды

Жылдыз Полотова.

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө "Социалдык келишим" аркылуу берилип жаткан 100 миң сомду алган айрым үй-бүлөлөр аны жакшы иштетип, айына 20 миңден 40 миң сомго чейин киреше таап жатат.

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова 2-октябрда парламент отурумунда депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын сөзүнө караганда "Социалдык келишим" долбоору аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сом, ошондой эле насыя түрүндө 200 миң сомдон берилип жатат.

"Жүз миң сом бир жолу берилет, кайтарымсыз. Ал эми 200 миң сомду насыя катары беребиз. Анын үстөгүн мамлекет төлөйт, жарандар үч жыл аралыгында 200 миң сомду эле кайтарат", - деди Жылдыз Полотова.

Жогорку Кеңеш 2-октябрдагы отурумунда “Социалдык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун 2-окууда карап жатат.

Кыргыз өкмөтү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында “Социалдык келишим” долбоорун үч жыл мурда баштаган. Анын шарты боюнча жөлөк пул алып жаткан адам андан баш тартып, өз алдынча иш баштаса, өкмөттөн 100 миң сомдук бир жолку жардам алат. Бул үчүн арыз бергендер бизнес планын жана долбоорун социалдык мекемеге алып келип, келишим түзүшү керек.

Мындай жол менен 2022-жылы 2800 адам, 2023-жылы 10 миң киши мамлекеттен көмөк алган. 2024-жылы өкмөт бул максатта 2 млрд сом бөлгөн, бул 20 миң адамга жетет. Дүйнөлүк банктын жардамы 3 миң үй-бүлөгө берилди. Быйыл жалпысынан 16 миң 770 үй-бүлө 100 миң сомдон алды.

Ушул тапта Кыргызстанда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун 76 миң 443 үй-бүлө алып жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров Мохаммад Реза Ареф менен жолугуштуКыргызстандан аркардын уругун жашыруун ташыган АКШ жараны кесилдиФранция АКШнын кызыкчылыгын Ирандан коргоого даярдыгын билдирдиОрусия: Өтмүштөгү “англосакс” сөзүнүн путинчилердин тушундагы жаңыча саясий жүгү