1-октябрь: Орусия камактагы 20 миңдей кишини согушка салууну көздөйт, Бустондо кыргыз-тажик чек арасы талкууланды

Москвадагы Лефортово тергөө абагы

1-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Ошто судья өмүрүнө кол салганы кабарланды. Соттор кеңеши териштирүү башталганын билдирди

Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов өз өмүрүнө кол салып ооруканага түшкөнү тууралуу маалыматты "Азаттыкка" Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Атабек Жумалиев 30-сентбярда ырастады. Дарыгердин сөзүнө караганда, судья сол колунун күрөө тамырын кескен. Дарыгер бейтаптын абалын орточо оор деп баалады. Бул маалыматты Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Судьялар кеңеши ЖМКларга туура эмес маалыматты таратуудан алыс болууну эскертип, бул факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирет. Ош облустук сотунун маалымат катчысы Нургазы Алимкулов ооруканада экенин ырастап, бирок кандай себеп менен жатканын ачыктаган жок. Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат иликтенип жатканын "Азаттыкка" билдирди. Судьянын аялы менен "Азаттык" байланышканда, ал акыркы учурда күйөөсүнүн маанайы жок жүргөнүн айтты.

Бишкек шаардык соту Азимбек Бекназаровдун бөгөт чарасын карап, тергөө абагында калтырды

Саясатчынын уулу Руслан Бекназаров Фейсбукка жарыялаган видеодо Азимбек Бекназаров 2010-жылкы окуяга байланышкан иштин мөөнөтү өтүп кеткениндиктен бул боюнча кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз болгонун сотто айтып жатканын көрүүгө болот. Эгер шектүү адам качып жүрбөгөн болсо, Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык мөөнөтү өтүп кеткен иш боюнча ал камакка алынбашы керектигин айткан. Шаардык сот саясатчынын жана анын адвокатынын жүйөлөрүн негизсиз деп таап, Биринчи май райондук сотунун Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот Бекназаровдун бөгөт чарасы тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстан 2024-2025-жылдарга күз-кыш мезгилинде 3 млрд 900 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат

Кыргызстан Түркмөнстандан 1 млрд 700 млн кВт/саат жана Казакстан менен Орусиядан 1 млрд 700 млн кВт/саат электр жарыгын сатып алат. Ал эми Өзбекстандан 500 млн кВт/саат сатып алынарын, жалпы 3 млрд 900 млн кВт/саат электр энергия импорт болорун энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-октябрда “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Министрдин сөзүнө караганда, Кыргызстан быйыл 17 млрд 800 млн кВт/саат электр энергиясын колдонот. Өлкөдөгү гидроэлектростанциялар менен жылуулук электр борборлору өндүргөн электр жарыгы керектөөнү толук жаппайт. Ибраев Токтогул суу сактагычында 13 млрд метр кубдан көп суу топтолгонун, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн метр кубга көп экенин жана кышында жарык үзгүлтүксүз берилерин айтты.

Бустондо кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды

Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары - кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Анда тараптар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулаганы жана бул боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоону улантуу жагынан конкреттүү тапшырмалар берилгени кабарланды. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 11-17-сентябрь күндөрү Баткен шаарында өткөн.

Израил Ливандын түштүгүндө "Хезболла" уюмуна каршы "түз жана таамай" жердеги операция баштаганын билдирди

"Бир нече саат мурун Израилдин Коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) такталган чалгын маалыматтарынын негизинде Ливандын түштүгүндөгү "Хезболланын" террордук объектилерине жана инфратүзүмдөрүнө каршы рейддерин баштады", - деп жазылат Израилдин армиясы 30-сентябрда тараткан билдирүүдө. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар. Соңку жумаларда Израил Ливандын аймагына "Хезболлага" каршы абадан соккуларды, анын ичинде ракеталык соккуларды ура баштаган. Анын жыйынтыгында уюмдун көптөн берки лидери Хасан Насралла жана бир катар командирлери набыт болду.

Украина: Орусиянын соккуларынан сегиз киши набыт болду

Украинанын Херсон, Запорожье жана Сумы аймактарына орусиялык күчтөрдүн 1-октябрда урулган аба соккуларынан кеминде сегиз кишинин өмүрүн кыйылды. Маалыматка караганда, орус армиясынын снаряддары Херсондун борборундагы базарга жана шаардын түштүк тарабындагы автобус аялдамасына тийген. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин Телеграм аркылуу кабарлады. Запорожьеде орус армиясы башкаруучу бомбалар менен жайкын тургундар жашаган үйлөргө жасаган соккуларынан бир кишинин өмүрү кыйылып, алтыдан ашык киши жараат алганын облус губернатору Иван Федоров билдирди. Орусия менен чектешкен Сумы облусунда орус армиясынын соккусунан эки киши мүрт кетип, экөө жараат алганын аймактык прокуратура билдирди.

Орусия тергөө абактарынан 20 миңдей адамды согушка тартууну көздөп жатканы кабарланды

"Важные истории" басыласы жазгандай тергөо абагындагыларды согушка расмий жөнөтүүгө Мамлекеттик Дума өткөн жумада кабыл алган мыйзам жол берет. Азырынча президент Владимир Путин ага кол кое элек. Басылманын эсебинде Украинага түрмөдөгү 20 миңдей киши жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул 200дөй тергөө абагынын ар биринен жүздөн киши согушка тартылат дегенди билдирет. Федералдык жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын башында Орусиянын тергөө абактарында 106 миңдей киши бар болчу. Азыркы мыйзамдарга ылайык, Коргоо министрлиги менен келишимди иши тергелип жаткандар жана соттолгондор түзө алышат. Мамдума жакында кабыл алган документке Путин кол койсо, иши сот өндүрүшүндөгүлөр менен да келишим түзүп, аларды согушка тартууга жол ачылат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусиянын абактарында 1500гө жакын кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Алматы: АЭС боюнча референдумду утурлай 10дон ашык активистке иш козголду

Алматы шаарында жана Алматы облусунда 12ден кем эмес активистке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 1-октябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, аларга жапырт баш аламандык уюштуруу жана ага даярдык көрүү боюнча кине тагылып жатат. Активисттер 29-сентябрда кармалган. Айрымдарынын үйүндө тинтүү жүрдү. Адвокаттардын айтымында, төрт активист камакка алынды. Калгандары эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Укук коргоочу Ринат Рафкат Фейсбукка кармалгандардын аты-жөнүн жарыялады. 6-октябрдагы референдумда "Казакстанда атомдук электростанциянын курулушуна макулсузбу?" деген бир эле суроо коюлат.