Ош: Колу кесилгени айтылган судья ооруканага түштү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов сол колунан бир нече жаракат менен ооруканага түшкөнү маалым болду. Аймактагы бириккен клиникалык оорукана менен шаардык милициядан билдиргендей, судья колун өзү кескен. Учурда тергөө жүрүп жатат.