Израил Ливанда жердеги операциясын баштады, Бейрут БУУга кайрылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

1-октябрда Израилдин жөө аскерлери Ливандын түштүгүнө кирип барып, жердеги операциясын баштады. Израил бул операциясы "Хезболлага" каршы гана багытталганын билдирүүдө. "Хезболла" Израилдин аймагын 1-октябрда да аткылады. Ливан бийлиги качкындарга жардам берүү үчүн БУУга кайрылды.