Террордук топко кошулган тажик жарандарынын 85% Орусиядагы эмгек мигранттары болгон

"ИМ" тобундагы тажик согушкерлери. "Одноклассники" сайтынан алынган сүрөт.

Эл аралык террордук топторго кошулган тажикстандыктардын 85 пайызы ислам өлкөлөрүнө Орусиядан барышкан. Бул маалымат Тажикстандын Ички иштер министрлигинин академиясынын окутуучулары жарыялаган макалада жазылды,

Макаланын авторлору кылмыш ишин талдап, тажик жаштарынын 90% жакыны Орусиядагы экстремисттик топтордун таасиринде болгонун белгилешкен.

2014-жылдан бери 2 миңдей тажик жараны ИМ террорук тобуна жана башка топторго кошулуп, алардын көбү согушта курман болушкан.

Макаланын авторлору эмгек мигранттарынын арасында салафиттик-ваххабиттик идеологиянын таасири күчөп, улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатканын эскертишет. Алар Орусиядагы ата-энелерди жана тажик диаспораларын экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышкан.

Ал арада тажик бийлиги диний эркиндикти катуу чектеп, мечиттерди жаап, диний билим берүүгө тыюу салганы белгиленип келет.

Жыл сайын 1 миллионго жакын тажикстандык Орусияга иштөө үчүн кетишет.

Дагы караңыз

Иран Ливанга жана Газага аскер жөнөтпөй турганын билдирдиСелдин кесепети: Камсыздандыруу кантип иштейт?Үй-бүлөлүк зомбулук: Аялды ким коргойт?Орусия: Такси айдаган мигранттар жапырт кетип жатканы маалым болду