Селдин кесепети: Камсыздандыруу кантип иштейт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто селден жабыр тарткан айрым тургундар камсыздандыруу мекемесинин ишине  нааразы. Суу алган үй-жайын кышка чейин бүтүрүп алууга аракеттенген жарандар негизсиз шылтоолор менен акча ала албай убара тартууда. 23-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү  органдарга жыл этегине чейин бардык турак жайларды камсыздандыруу тапшырмасын койгон. Өкмөт камсыдандыруу институтун кырсыктан кийин “бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берүүчү маанилүү курал” болот деп түшүндүргөн.