Блинкен АКШ Киевди колдоосун олуттуу күчөткөнүн билдирди

Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Украинаны колдоосун олуттуу күчөткөнүн билдирди. Ал Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынынан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Киевге 8 миллиард долларлык жардам берилерине токтолду.

“Биз орусиялык агрессиядан коргонуусун улантып жаткан Украинанын элин колдоодо маанилүү кадам жасадык”, - деди Блинкен.

Мамлекеттик катчы бул каражат азыркы администрациянын ыйгарым укугу аяктаганга чейин жетерин кошумчалады. Блинкен Ак үй учурда украин президенти Владимир Зеленскийдин “жеңиш планын" талкуулап, изилдеп жатканын белгиледи.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Коргоо министрлигине Конгресстин макулдугунан өткөн бардык каражатты бөлүүнү тапшырган. Ага ылайык, 5,5 миллиард доллар Пентагондун арсеналындагы аскердик техниканы жөнөтүүгө жана анын ордун жаңы техника менен толуктоого жумшалат. Дагы 2,4 миллиард доллар Украинанын коопсуздугу боюнча демилге алкагында (абадан коргонуу системалары, учкучсуз учактар, ракеталар) бөлүнөт.

Мындан тышкары Украинанын алыска атуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу үчүн JSOW канаттуу авиабомбаларын берүү тууралуу чечим кабыл алынганы белгилүү болгон. Бул авиабомбалар 110 чакырымдык радиуска уча алат, украин аскерлери аларды Орусияга каршы колдонууга уруксат алабы же жокпу, айтыла элек.

Украинанын аскердик өнөр жай тармагын өркүндөтүү, F-16 учактарын башкара ала турган кызматкерлерин даярдоо, Орусиянын санкциялардан кыйгап өтүү жолдорун чектөө иштери да аткарылары айтылды.

Аталган сумма АКШ буга чейин убада кылган каражаттын бир бөлүгү. Бирок аны колдонуу үчүн президенттин кошумча уруксаты зарыл болчу.