Израил армиясы Бейруттагы "Хезболланын" борбордук кеңсесине сокку урду

Бейруттун түштүк тарабындагы израил армиясы сокку урган жердеги имараттын урандыларынын жанында чогулган куткаруучулар. 27-сентябрь.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Бейрутка жакын жердеги "Хезболланын" борбордук кеңсесине сокку урду. Бул куралдуу топ Ливандын түштүк аймактарынын көп бөлүгүн көзөмөлдөйт жана саясий партия болуп саналат. Израил телеканалы ЦАХАЛ топтун лидери Хасан Насралланы бутага алганын кабарлады.

Чабуулдун алдында эле Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында АКШ террордук топ санаган уюмга каршы аскердик аракеттер токтобой турганын эскерткен.

27-сентябрда ЦАХАЛДын өкүлү Даниэл Хагари израил күчтөрү карапайым тургундар жашаган үйлөрдүн алдында жайгашкан "Хезболланын" баш кеңсесине сокку урганын билдирди.

Чабуулдан кийин Насралла кайда экени тууралуу эч кандай маалымат чыккан жок. Нетаньяхунун кеңсеси премьер-министр АКШдагы сапарын токтотуп, дароо Тель-Авивге жолго чыкканын маалымдады.

Насралла жетектеп турган маалда "Хезболла" Ирандагы ишенимдүү адамдар, Тегеранга таянган башка куралдуу топтор менен тыгыз алакаларды түзүп, ал уюмдардын жоочуларын машыгуудан өткөрүүгө жана курал менен жабдууга жардамдашып келген.

"Хезболлага" караштуу Al-Manar TV телеканалы авиасоккуда кеминде төрт имарат талкаланып, оор жоготуулар болгонун, жерине "Тез жардам" жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Ливандын Саламаттык Сактоо министрлиги эки адам набыт болуп, 70тен көбү жараат алганын билдирди.

Интернетке жарыяланган видеолордон талкалоонун аянты чоң экенин көрүүгө болот.

Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх Израил АКШга сокку тууралуу алдын ала эскертпегенин билдирди.

"Кошмо Штаттар бул операцияга катышкан эмес, бизге алдын ала эч кандай эскертүү болгон жок", - деди Сингх журналисттерге.

Буга чейин Нетаньяху БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып "максаттарыбыздын баарына жетмейинче "Хезболланы" жок кылууну уланта беребиз" деген.

Чабуул АКШ, Франция жана башка мамлекеттер Ливандагы "Хезболла" тобу менен Израилдин ортосунда 21 күндүк ок атышууну токтотуу аракетин көрүп жатканда жасалды.

Эки апта мурда Израил "Хезболлага" каршы аскердик аракеттерин күчөтүп, Ливандын аймактарына абадан сокку ура баштаган. Тель-Авив бул аскердик операциянын башкы максаты Израил түндүгүндөгү карапайым тургундарды өз үйлөрүнө кайтарып, алардын коопсуздугун камсыздоо экенин билдирген.

Ливан бийлиги маалымдагандай, Израилдин аба соккуларынан жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылды.