C5+1: АКШнын мамкатчысы Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолукту

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен. 27-сентябрь, 2024-жыл. Нью-Йорк.

27-сентбярда Нью-Йоркто АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен С5+1 форматында жолугушуу өткөрдү. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дагы катышты.

Блинкен чөлкөмдөгү беш мамлекеттик аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин колдорун билдирип, кийинки жылы бул форматтагы жолугушууларга 10 жыл болорун белгиледи.

Ал ошондой эле Вашингтон бул форматтагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Былтыр С5+1 форматындагы саммит Нью-Йоркто мамлекет башчылардын катышуусунда өткөн. Анда сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгилеген.

Бул саммитти президент Жо Байден "тарыхый учур" деп сыпаттаган.

Вашингтон Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда АКШда кол коюлган.

2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы түрткү болгон.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.

Дагы караңыз

БУУда Нетаньяху Иранга катуу эскертүү жасаганда залдан бир нече делегация чыгып кеттиБи-Би-Си: Орусияда түрмөдөгүлөрдү Украинадагы согушка келишимсиз жөнөтүшкөнНью-Йоркто Зеленский Трамп менен жолукту