27-сентябрь: Акыйкатчы талаштуу долбоорду сындады, АКШда Зеленский Трамп менен жолугушту

Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШнын экс-президенти Дональд Трамп

27-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

CPJ кыргыз бийлигин 11 журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарындагы Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) кыргыз бийлигин Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерине козголгон кылмыш ишин токтотуп, алардын ичинен камакта жаткан журналисттерди эркиндикке чыгарууга чакырды. 26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистке козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор менен адвокаттардын жана айыпталуучулардын жарыш сөзү бүттү. Кийинки соттук жараян 3-октябрга дайындалды. Анда журналисттер акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгат деп күтүлүүдө. Мамлекеттик айыптоочулар шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады.

Акыйкатчы министрлик сунуштаган долбоорду артка кайтарууга чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады. Ушундай эле демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да көтөрдү. Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан адамдарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берген. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитети документти 17-сентябрдагы отурумунда биринчи окууда колдогон.

Камчыбек Ташиев Аспеков жазган делген катка комментарий берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапкери, азыр камакта жаткан активист Мелис Аспековдун абактан жазганы делген каты боюнча комментарий берди. Ал 7tv.kg сайтына берген чакан маегинде Мелис Аспеков 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин чоң-чоң ишкерлерден “Садыр Жапаровго берем” деп алдамчылык менен каражат алып, аны өзү кымырып алып жүргөнү аныкталып, сот жообуна тартылганын айткан. Чет жакта жүргөн башка бир активист Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов) 26-сентябрда Мелис Аспековдун абактан жазган делген катын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Анда Мелис Аспеков 9-октябрда Бишкекте башка саясий күчтөргө каршы митинг өткөрүү үчүн Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алып Садыр Жапаровго бергенин жазган. Буга байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүнүп, Камчыбек Ташиевге кайрылган.

Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга расмий сапары менен келет

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-6-ноябрь күндөрү Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында айтты. Ал Режеп Тайып Эрдогандын Бишкек сапарында кыргызстандык бейтаптардын Түркияда дарылануу маселеси тууралуу сүйлөшүүлөр болорун билдирди. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Сапар алкагында президент Режеп Тайып Эрдоган менен эки өлкө ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынын өткөрүшкөн.

Аскар Акаев экс-президент макамы боюнча комментарий берген жок

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ага экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча арызын четке каккан Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечимине комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды. “Мен парламенттин иши жана чечими боюнча комментарий бербейм”, - деген ал. Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке каккан. Ал парламентке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.

Израил Ливанда 21 күнгө ок атышууну токтото туруу чакырыгын четке какты

Иранга таянган "Хезболла" уюмуна караштуу жайларга багытталган израил армиясынын аба соккуларынан Ливанда соңку жумада жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылды. Террордук топ дагы Израилдин аймагын ракеталар менен аткылоону улантууда. Кошмо Штаттар, Франция жана башка мамлекеттер 25-сентябрда Ливанда ок атышууну 21 күнгө токтото турууга тараптарды чакырышкан. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин стратегиялык иштер боюнча министри менен 26-сентябрда Нью-Йоркто жолугуп, ок атышууну убактылуу токтотуу "эки тараптагы жайкын тургундарга үйлөрүнө кайтууга мүмкүнчүлүк берерин" айткан. Анткен менен Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 26-сентябрда бул сунушту кескин четке кагып, аскерлерине "болгон күч-аракети менен согушууга" буйрук берди.

Украинадагы Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан Измаил портунда орус армиясынын авиасоккусунан үч киши мерт болду

Украин данын экспорттоонун негизги түйүнү жана НАТОго мүчө Румыния менен чек арага жакын жайгашкан Измаил порту буга чейин бир нече ирет аба соккуларга дуушар болгон. Бир катар көп кабатуу үйлөр, турак-жайлар, автоунаалар жабыркап, айрым жерлерде өрт тутанды. Украин Аба күчтөрү тараткан маалыматка караганда, орус армиясы 27-сентябрга караган түнү үч ракета жана 32 "Шахед" дрону менен сокку урган. Учкучсуз аппараттардын 24ү абадан кулатылган. Бир дрон Румыния тарапка кеткени кабарланды. Чек арага жакын жайгашкан Румыниянын Тулча аймагынын жетекчилиги дрон чабуулдарына байланыштуу калкка аба коркунучу тууралуу эскертти. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага түнү жасалган аба соккулар тууралуу билдирүү жасай элек.

АКШда украин лидери Зеленский экс-президент Трамп менен жолугат

Муну утурлай Трамп Украина Орусиянын кол салуусунун мизин кайтарып, согушту жеңеринен күмөн санаган билдирүү жасады. Анын пикиринде Киев согушту токтотуу үчүн макулдашууга барыш керек. Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер Украина Москва кол салгыча эле эпке келип макулдашууга барса болмок деген оюн бөлүштү. Буга чейин украин президенти “Трамп чындыгында согушту кантип токтоторун билбестигин" The New Yorker басылмасына берген маегинде айткан. 26-сентябрда Зеленский Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис менен жолуккан. Харрис учурда демократтардын атынан президенттикке ат салышып жаткан Трамптын башкы атаандашы.

Молдовада шайлоо алдында жети кремлчил сайт блоктолду

Алардын арасында Орусиянын мамлекеттик РИА Новости кабар агенттиги да бар. Мекеменин түшүндүрмөсүнө караганда бул сайттар Кишинев үчүн "улуттук коопсуздук тобокелдигин" жаратууда. Буга чейин орусиялык сайттарды жабуу аракетин "субъективдүү жана саясатташкан кадам" деп сыпаттап келген Орусиянын Кишиневдогу элчилиги бул ирет Чалгын кызматынын чечимине комментарий берген жок. Буга чейин, июнь айында, АКШ, Канада жана Британия биргелешкен билдирүү жасап Орусиянын Молдовадагы президенттик шайлоого кийлигишүү планы бар экенин эскерткен. Былтыр да жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында Молдовада ондогон сайттар жабылган. 20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо жана референдум өтөт.