Прокурор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сурады
26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда прокурор шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады. Айыпталуучулардын адвокаттары журналисттерге коюлган кинелер тергөөдө жана сотто аныкталбаганын, кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарга жасалган экспертизалардын корутундулары да туура эмес экенин айтышты. Журналисттер аларды кармоо учурунда укуктары бузулганын билдирип, эч кимди массалык башаламандыкка үндөбөгөнүн жана кесиптик ишмердиги менен алектенип келишкенин жүйө кылышты. 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Ушул тапта төрт журналист дагы деле камакта, калгандары ар кандай жагдайда эркиндикке чыккан.
Садыр Жапаров азыр бардык ишке президент жооптуу экенин айтты
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Конституция алмашкандан кийин өлкөдө бийликтин, президенттин жоопкерчилиги күчөтүлгөнүн билдирди. “Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду”, - деди президент. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Конституция өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла азайган. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.
Акылбек Жапаров Кумтөр дагы 20-30 жыл иштерин айтты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинде алтындын жаңы запастары табылып жатканын жана кен дагы 20-30 жыл иштей турганын билдирди. Ал кендеги калдык сактоочу жайдан алтын алууга аз эле калганын жана жер астынан алтын казуу долбоору да алдыга жылып жатканын кошумчалады. Кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылы апрелде аны толук өткөрүп алган.
Украина 14 облусу бутага алынганын, сегиз жайкын тургуну каза болгонун маалымдады
Донецк облустук аскердик башкармалыгы маалымдагандай, бул аймактын бир нече калктуу пункту 28 жолу аткыланды. Краматорск шаарынын борбордук бөлүгү 25-сентябрдын кечинде аткыланып, көп кабаттуу имараттардан экөө кыйраган. Херсон облусунда 20 чакты айыл-кыштак жана Херсон шаары бутага алынганын, жайкын тургундардын күнүмдүк жашоосуна эң зарыл болгон инфраструктура, үйлөр талкаланганын аймактын жетекчилиги билдирди. Запорожьеде жараат алгандардын абалы оор экени, Одессада үйлөр, машиналар талкаланып, өрт чыкканы, Сумыда 51 жолу жарылуу болгону, Киев облусунун аймагына атып түшүрүлгөн куралдын сыныктары түшкөнү кабарланууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 26-сентябрга караган түнү 14 аймагында Орусия Shahed дрондорунан 78ди учурду, алардын 66сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү.
АКШ союздаштары менен Израил-Ливан чек арасындагы атышууну 21 күнгө токтотууга чакырды
11 өлкө жана Европа Биримдиги Израил менен «Хезболла» жоочулар тобун атышууну тез арада токтотуп, үч апталык элдешүү жарыялоого, бул убакыттын ичинде жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырышты. Алардын биргелешкен билдирүүсү 25-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн лидерлери чогулган сессиясында кабыл алынды. Документке АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Жапония, Канада, Австралия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар кол коюшту. «Хезболла» Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон ливандык топ. Былтыр октябрда анын өнөктөшү, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан кийин Израил Газада ХАМАС, коңшусу Ливандын түштүгүндө «Хезболла» менен согушуп келе жатат.
Пакистан Азербайжанга JF-17C (Block-III) согуштук учактарын сатуу келишимине кол койду
25-сентябрда учактардын алгачкы партиясы менен азери президенти Илхам Алиев таанышып чыкканын Бакудагы Коргоо министрлиги маалымдады жана алар “заманбап, жеңил, ар кандай аба ырайына чыдай ала турган, натыйжалуу” экенин кошумчалады. Учактардын баасы жана саны боюнча маалымат берилген жок. Маалыматта айтылгандай, бул учактарды Pakistan Aeronautical Complex ишканасы жасайт, өндүрүш Кытайдын Чэнду авиациялык корпорациясы менен бирге жүргүзүлөт.
Орусия Өзбекстандын мектебинде болгон окуяга кийлигишти
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 25-сентябрдагы брифингде орус бийлиги Өзбекстандан расмий түшүндүрмө сураганын айтып, «Эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негизделген достук мамиледе эч кандай, айрыкча тил маселесинде, кастыкка орун жок», — деп кошумчалады. Өзбек парламентинин мыйзам чыгаруу палатасынын вице-спикери, «Миллий тикланиш» («Улуттук кайра жаралуу») партиясынын төрагасы Алишер Кадыров окуя Өзбекстанда болуп жатканын, андыктан өлкө өз мыйзамдарына таянып териштирүү жүргүзүп аларын айтты. Борбор калаа Ташкенттин билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя шаардагы №188 мектепте болгон – орус тил мугалими алтынчы класстын окуучусуна кол көтөргөн.
ЮНЕСКО Борбор Азиядагы коруктардын абалына тынчсыздануу билдирди
"Чек арасыз дарыялар” коомдук фондунун сайтына чыккан маалыматка караганда, эл аралык уюмдар аймактагы үч өлкөдөгү айрым долбоорлорду жаратылышка “кооптуу” деп мүнөздөгөн. Батыш Тянь-Шань тоо кыркаларынын Кыргызстандан өткөн бөлүгүндө алтын казып алуу иштери жүрүп, Чаткал суусуна кубаттуу ГЭС куруу пландалып жатканын жана ошол суу сактагычтын жээги аркылуу Талас – Чаткал – Ташкент чоң жолу салына турганын белгилеген. Казак бийлиги Угам дарыясына суу сактагыч менен кошо ГЭСтер каскадын сала турганын жарыялап, дарыянын бир бөлүгүн 210 чакырымдык түтүк аркылуу Түрк истан облусунун башка райондоруна буруу ниетин билдиргенин жазган. Эки уюмдун биргелешкен миссиясынын “Батыш Тянь-Шань” дүйнөлүк табигый мурасы боюнча баяндамасы келерки жылы ЮНЕСКОнун жалпы мурастар комитетинин Болгарияда өтчу жыйынында жарыяланат.