"Бир дүйнө - Кыргызстан" коммерциялык эмес уюмдардын реестри боюнча сотко кайрылды

"Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук бирикмеси.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму Министрлер кабинетинин чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү боюнча токтомунун үстүнөн сотко кайрылды. Бул тууралуу уюм 26-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бир дүйнө – Кыргызстан” өкмөттү “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын негизинде реестр түзүү үчүн чыгарган токтомунда бир катар ченемдик-укуктук актыларды бузган деп айыптап жатат.

Тактап айтканда, Конституциянын, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросунун эркин чогулуу принциптеринин ченемдери бузулганы белгиленген.

“Ушуга байланыштуу “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын административдик сотуна арыз менен кайрылып, жогорудагы токтомду жокко чыгарууну өтүндү”, - деп жазылган билдирүүдө.

Уюм быйыл 16-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр боюнча Конституциялык сотко кайрылганын, бирок өтүнүчү четке кагылганын маалымдады.

Кийин 6-августта да кайра даттанганы, азырынча Конституциялык соттон арыз боюнча жооп келе электигин кошумчалады.

Конституциялык сот жана Министрлер кабинети “Бир дүйнө – Кыргызстандын” билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

21-майда Юстиция министрлиги "чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин" билдирген. Ага ылайык, 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон.

Ал 7-апрелде улуттук “Кабар” агенттигине ушул мыйзам боюнча берген маегинде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп билдирген.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын бирдиктүү маалымат базасында учурда 11 миң 819 коомдук бирикме жана 8 миң 749 коомдук фонд катталган. Алардын бардыгы эле укук коргоо ишмердиги менен алектенбейт.

Сентябрда "Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" ЖИА-бизнес-ассоциациясы, "Евразия бизнес клубу" ишкерлер бирлиги", Кыргызстандагы Fauna and Flore International (Фауна энд Флора Интернэшнл) компаниясынын филиалы катталган. (TbA)

Дагы караңыз

Аба ырайы: аймактарга жаан, кар жаайтIPI уюму прокурордун 11 журналистти 6 жылдан абакка кесүү өтүнүчүн сындадыЮНЕСКО Борбор Азиядагы коруктардын абалына тынчсыздануу билдирди Путин Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүнү сунуш кылды