Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү сурап, Жогорку Кеңешке кайрылганы 5-сентябрда маалым болгон. Анын кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.
Акаев өз арызында 2010 – жылы Убактылуу өкмөт кол тийбестиктен Конституцияны жана мыйзамдарды бузуп ажыратканын белгилеген. Анын айтымында, ага эч кандай кылмыш иши козголгон эмес жана кызматынан өз ыктыяры менен жазылган арызга ылайык кеткен.
Ошондуктан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевден ага экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү өтүнгөн.
Бирок парламент 25-сентябрдагы жыйынында Акаевдин өтүнүчүн талкуусуз эле четке какты.
Бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров пикирин билдирип, Акаев бул боюнча аны менен кеңешпегенин жана бул ишти Жогорку Кеңеш өзү чече турганын айткан.
Жапаров парламенттин чечиминен кийин да Акаевдин айланасындагы талкуулар тууралуу комментарий берди. Ал 26-сентябрда "Кабар" агенттигине берген маегинде жаңы Кыргызстанды түптөөдө анын салымы чоң экенин, бирок менчиктештирүү, айыл чарба тармагында бир топ кемчиликтерди кетиргенин билдирди.
“Мына кечээ Жогорку Кеңеш да экс-президент макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийишибиз керек. Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштериң тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт”, - деди президент.
Эске сала кетсек, Жапаров 2022-жылы 17-мартта Аксы окуясынын 20 жылдыгына карата кайрылуусунда ошол маалда мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашканын эске салган. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылганы үчүн Аксынын тургундары нааразылык акциясына чыгып, курман болгонун белгилеген.
Аскар Акаев Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган жана Москвага качып кеткен.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде парламенттик комиссия менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын жазып берген. 2005-жылы апрелде анын бул отставкасын Жогорку Кеңеш кабыл алган.
Бирок Акаев бийликтен кулатылышын легитимдүү эмес деп эсептеп, эл аралык медиадагы маектерде өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.
Акаев бийликтен кулатылгандан кийин өлкөнүн саясий турмушуна аралашпай жүрдү жана Кыргызстанга келген эмес.
Ал 2022-жылы Кыргызстанга эки жолу келип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) Кумтөр боюнча сурак берген. Башкы прокуратура кийин ага тагылган айыптардын баары мөөнөтү өткөндүктөн кыскартылганын билдирген.
Дагы караңыз Акаев акталды, Бакиевге ырайым берилеби?2023-жылы президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун айткан.
Акаевге 1992-жылы Кумтөр долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыптар тагылган.
Акаевдин кол тийбестиги качан алынган?
Аскар Акаев 2005-жылы элдик толкундоонун аркасында кызматтан кеткени менен экс-президент катары макамы сакталып калган. Аны кол тийбестигинен Убактылуу өкмөт ажыраткан. Убактылуу өкмөт 2010-жылдан 12-августтагы декретине ылайык, Акаев бийликте турган кезде шайлоолорду бурмалаган, элге каршы ок аткан, чек араларды туура эмес чечкен деген сыяктуу айыптооолор менен аны кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечимин чыгарган.
“2005-жылдын мартындагы революциядан кийин Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевге каршы бир катар кылмыш иштери козголгон. Прокуратура тарабынан бул иш-чаралар анын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жасаган аракеттерине байланыштуу болгон. А.Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана аны Орусия Федерациясынан экстрадициялоо маселеси азыркы күнгө чейин ачык бойдон калууда, анткени ал кол тийбестик статусунан пайдаланууда” деп айтылат декретте.
Дагы караңыз Март ыңкылабы: Кыргызстан кандай сабак алды?Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн декретинде Акаев шайлоолорду бурмалаган, элге каршы ок аткан, чек араларды туура эмес чечкен деген сыяктуу айыптооолорду белгиленген.
“Аскар Акаевдин башкаруусу учурунда айыл чарба тармагындагы реформа деген ат менен жүздөгөн колхоз жана совхоздордун кыймылсыз мүлкү, техникасы жана мал-жандыктары талап-тоноочулукка дуушар болгон. Сот, укук коргоо жана фискалдык органдар, ошондой эле бюрократиялык аппарат Акаев тарабынан ар кандай оппозицияны басуу максатында колдонулуп, бул аракеттер мыйзамдуулуктун көрүнүшү катары көрсөтүлүп турган. Акаевдин башкаруусу учурунда Кыргызстанда алгачкы саясий туткундар жана соттолгон журналисттер пайда болгон. Анын ичинде Замира Сыдыкова, Топчубек Тургуналиев, Феликс Кулов жана башкалар белгилүү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Аксый районундагы Боспиек айылында тынч калкка карата курал колдонулган. Бул окуя Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду мыйзамсыз түрмөдөн чыгарууну талап кылган тынч элдин митингинде орун алган. Натыйжада, Акаевдин буйругу менен алты адам каза болуп, жүздөн ашуун жаран жаракат алган” деп жазылган декретте.
Бирок Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү сурап, Жогорку Кеңешке жазган арызында 2010 – жылы Убактылуу өкмөт аны кол тийбестиктен Конституцияны жана мыйзамдарды бузуп ажыратканын белгилеген.
"Башкача айтканда, Конституциянын түз күчүнөн улам мен Аскар Акаев экс-президент деген наамга ээмин, анткени мага карата кызматтан алуу процедурасы колдонулган жок. Тескерисинче, мен өз ыктыярым менен кызматтан кеттим 2005-жылдын 3-апрелинде төрага Текебаев жетектеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясынын алдында. Бул мага карата Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесинин жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын жоболорун эч кандай шартсыз колдонууга кепилдик берген", деп айтылат Аскар Акаевдин Жогорку Кеңешке жолдогон катында.
Ошондуктан ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевден ага экс-президент макамын кайтарып берүү маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү өтүнгөн.
“Убактылуу өкмөттүн декрети менен мага коюлган айыптар негизсиз жана мамлекеттик органдардын ишинин конституциялык негиздерин одоно түрдө бузат. Убактылуу Өкмөт өзүнүн декрети менен Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн ыйгарым укуктарын узурпациялап, тергөөчүнүн, прокурордун, соттун ыйгарым укуктарын өзүнө баш ийдирди, мени оор кылмыштар үчүн айыптап, ошону менен конституциялык презумпциянын принциби бузулду. Жарлыкка негиз болгон оор кылмыштарды жасаган деген айыптардын баары (бийликти узурпациялоо, Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөр, Кытай Эл Республикасы жана Казакстан Республикасы менен чек араны тактоо маселелери ж.б.) чындыкка дал келбейт жана Убактылуу өкмөт тарабынан менин атыма коюлган айыптар жана далилдер мыйзам чегинен тышкары. Бул укук коргоо органдарынын жана соттун компетенциясында жана өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мага карата жарлыкта көрсөтүлгөн айыптар боюнча бир дагы айыптоо өкүмү жок”, деген Акаев катында.
Мыйзамга ылайык, экс-президент макамы кол тийбестик жана бир нече маанилүү юридикалык, социалдык артыкчылыктарды берет.
Экс-президенттер кылмыш жоопкерчилигинен корголуп, алар бийликте турган учурундагы ишмердүүлүгү үчүн тергөөгө жана соттук иштерге тартылбайт (бирок бул иммунитет парламент тарабынан алып салынган учурда күчүн жоготушу мүмкүн, мисалы, Алмазбек Атамбаевдин мисалындай).
Мамлекеттик күзөт бөлүнүп, өмүр бою кайтарууда болот.
Экс-президент макамына ээ болгон адам мамлекет тарабынан өмүр бою айлык жана башка каржылык, социалдык колдоолорду алат.
Анан, албетте, экс-президенттер расмий иш-чараларга чакырылып, мамлекеттин атынан сөз сүйлөп, коомдук иштерге аралаша алат. Бул аброй саясий жана коомдук турмушка аралашууну улантууга мүмкүндүк берет.
Талдоочулардын айтымында, Аскар Акаев өзүнүн экс-президент макамын калыбына келтирүү менен, каржылык камсыздоого кызыкпаса да, өзүнүн укуктук абалын жана аброюн чыңдоону каалашы мүмкүн. Бул макам калыбына келсе, Акаевге жоопкерчиликке тартылуудан коргонуу мүмкүнчүлүгүн да күчөтөт. Анткени анын бийликте турган кезиндеги, Аксыда элге ок атуу сыяктуу окуялардагы орду боюнча пикирлер ар дайым көтөрүлүп келет.
Кыргызстанды 15 жыл башкарган мурдагы президент быйыл ноябрда 80 жашка чыгат.
Туңгуч президент Москвада туруктуу жашап, негизинен илимпоз катары ишмердүүлүгүн улантууда.
Кыргызстандын саясий турмушуна аралашпаганы менен, өлкө менен байланышы сакталып турат жана ал сейрек учурда коомдук жана медиа аянтчаларда пикир билдирип келет.