Өкмөт Кызыл-Омполдон титаномагнетит каза баштайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын абадан бомбалоону улантууда. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө Владимир Зеленский согушту Орусияны мажбурлап гана токтотуу мүмкүн экенин айтты. Тажикстандын жараны орусиялык жаран менен үй-бүлө күтүп, төрт балалуу болгонуна карабай Орусиядан чыгарылганын билдирди. Ага бул өлкөгө кирүүгө өмүр бою тыюу салынды. Кыргызстандын өкмөтү Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүү башталганын билдирди. Мурда нааразылыктардан улам чалгындоо токтотулган кенди бул ирет мамлекет өзү иштете турган болду.