Бир кылым ичинде катаал тоталитардык доорду, репрессияларды жашаган басылманын тарыхы, ошол доордогу көтөргөн жүгү тууралуу “Кыргыз-Туусу” гезитинин башкы редактору Мырзакат Тыналиев, белгилүү публицист, жазуучу Мундузбек Тентимишев менен талкуулайбыз.
- Саламатсыздарбы? Мына, жалпы эле кыргыз журналисткасы башат алганына бир кылымдын жүзү болуптур деп айтсак болот. Бул албетте, “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз Туусу” басылмасы менен байланыштуу. ХХ кылымдын 20-40-жылдарында дүйнөдө радио жана тележурналистика чыгып жаткан доордо, кыргыздар төл гезитин чыгарып, маӊдай жарыла кубанган экен. Чыгаан манас таануучу жана агартуучу Зияш Бектенов өзүнүн “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” деген китебинде "Эркин-Тоо” газетасынын биринчи санына Ишеналы Арабаевдин макаласы жарыяланганын, анда гезиттин аталышына байланыштуу жазганын эскерет. “Эзелтен бери кыргыздын мекени Ала-Тоо болгонун, зарыгып күткөн үмүтү эркиндик, тендик болгонун” жазыптыр Арабаев. “Мына эми, кыргыз элинин көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип, эрктүү автономиялуу облус өзүнчө мамлекет болуп, түтүн булатып отурат. Ошондуктан, гезиттин аталышын "Эркин-Тоо” деп атадык. Эми ”Эркин-Тоону” колуңардан чыгарбай, мунун бетине арыз-муңуңарды жазып тургула” дептир. Чынында эле макаланын мазмуну мени таң калтырды, ошондо эле алар гезиттин негизги вазыйпасы эмне экенин туура түшүнүптүр да, Мырзакат агай?
Мырзакат Тыналиев: Ошол учурдагы интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү прогрессивдүү адамдар болушкан. Булар кыргыз мамлекетин түптөөдөгү жалпыга маалымдоо каражатын, гезиттин ролун түшүнө билишкен. Биздин ошол убактагы сабаттуу кишилердин айрымдары Татарстанда чыккан гезитке анча-мынча макалаларын жарыялашкан (казактар бизге караганда алда канча илгери, революцияга чейин эле үч гезит чыгарышкан экен). Гезит эмне экенин түшүнүп, жалпы элдин маданиятын, сабаттуулугун, аң-сезимин өстүрүүдөгү ролун түшүнүп, аракет кылышкан.
- Мундузбек агай, ошол учурда гезиттин башында кимдер турду?
Мундузбек Тентимишев: Биздин бактыбыз ушунда, "Эркин-Тоонун" биринчи санын чыгарууга катышкан эки адам – Кусейин Карасаев, анан Мамасалы Абдукаримов менен жолугуп, макала жаздырып жүрдүк. "Кыргыздын гезити чыгат дегенде эле, Ишеналы Арабаев менен Сыдык Карачевди (ал кыргыздын биринчи журналисти болгон) ойлоно баштадык", – деген эле алар. "Аталышын эмне деп коёбуз? Казактардыкы "Ушкын" ("Учкун"), өзбектердики "Коммунист", тажиктердики "Тажик майрамы", түркмөндөрдүкү "Түркмөнстан". Биз аларды туурабай, саясий мүнөздө эмес, “Манасты” жараткан кыргыз элинин эркиндикти эңсеген демин сездирген бир угумдуу ат коёлу деп, Ишеналы Арабаев "Эркин-Тоо" деп ат койгон. Дагы көп сунуштар болгон. Партиянын кыргыз обкому тарабынан бекитилген Осмонкул Алиев биринчи жооптуу редактор болгон, бирок негизги иштердин баарын жооптуу катчы Сыдык Карачев аткарган. Ал Мустафа Акматов деген өзүн жердешин ала келип, корректорлукка иштеткен. Кусейин Карасаев окуп берип, грамматикасына жооп берген. Ошондо арабча 24 тамганы алып, “кыбачы” деген белгини коштук", – дейт. Ал кезде казактардын, өзбектердин, тажиктердин калыптанып калган тамгасы болгон. Гезит чыгаруудан мурда алфавит түзүү маселесин чечүү керек эле. Ошондо Ишеналы Арабаевдин чечкиндүүлүгү менен чыгарышкан экен.
- Демек, гезиттин биринчи сандары араб арибинде, кыргызча чыгып жатат ээ? Ошол учурда биздин коңшу өлкөлөрдөгү гезиттер да арабча чыкканбы же латынчабы?
Мундузбек Тентимишев: Алардыкы деле араб алфавитинде чыккан, 24 эмес, 36 тамга пайдаланылган.
- Ошол гезитти чыгарган, чыгарууга түз катышкан кишилер менен сүйлөшүп калган турбайсыздарбы. Биринчи саны чыкканда кантип таратышты экен? Элдин канча пайызы гезитти окуй алган экен?
Мундузбек Тентимишев: Мамасалы Абдукаримов аксакал айтып берди эле: "Басмаканада жети-сегиз күн азап-тозок менен карала-торала болуп жүрүп чыгарчубуз, себеби басмаканада татар, өзбек, уйгур, орустар иштейт, кыргызча келтире албайбыз. Анан Сыдык Карачев урушуп жүрүп, эптеп чыгардык. Гезитти кантип таратабыз дегенде, "бекер тараталы, кыргыздын биринчи гезити" дешиптир обкомдон. Ошол күнү Ташкенттин чоң көчөсүндө демонстрация болуп, элдин баары майрамга чыккан экен. Бала периште деп, 16 жаштагы мага көтөртүшкөн. Кыргыздын гезити - "Эркин-Тоо!" деп кыйкырдым. Анан эле кыргыздын жаштары - ошол жерде окуп, иштегендер бирден, кээ бирлери ондон ала баштады. Казактар ала баштады. Ошентип, миң санды таратып чыккам", – деп айтып берген.
- Адеп баш сөзүндө эле “арыз-муңуңарды жазгыла, эркиндик келди" деп жазып атышпайбы. Ошол баштапкы макалалары кандай мазмунда болуптур?
Мырзакат Тыналиев: Биз 1924-жылдан 1927-жылга чейинки араб арибинде чыккан сандарын биздеги эже-сиңди Нармаматова деген окумуштуулар кириллицага түшүрүп коюшкан. Ошол боюнча китеп даяр болуп турат. Бул китепти жүз жылдык мааракеге карата чыгарып коёлу деп, Маданият министрлиги (ред.: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги) менен иштеп жатабыз. Окурмандарга тааныштырыш үчүн гезитке да сандан санга чыгарып жатабыз. Ошолордун бир-экөөсүнүн мазмунун айтып берейин. Эң биринчи эле чоң маселе кайсы болгон? Бул кыргыздардын сабатсыздыгын жоюп, агартуу иштерин жүргүзүү болгон. Ошондуктан бир макалада айтып жатат: "Бар кайрат, күч-кубат, мал-жан окууга жумшалсын" деп. Анан бул жерде Жалал-Абадда алгачкы үч айлык курс ачылып, андан 15 мугалим окуп чыкканы жөнүндө жаңылык берилиптир. Ал кезде кыргыздар үчүн ар бир мектептин, айылда мектептин курулганы өзүнчө бир окуя, майрам болгон. Мына бул жерде минтип жазыптыр: "Сентябрь айында Кокон уездинин Лейлек, Нойгут, Кыпчак болуштарында кыргыздар үчүн 90 балалуу мектеп ачылды".
"Кыргызда окуу жумушу эмне үчүн жүрбөй келген?" – деп 1924-жылы 10-декабрдагы 3-санында эле жазып жатат. "Агартуу жайынан" деген рубриканын астында: "Эң биринчи сабатсыздыкты жоюудан башташ керек", – дептир. "Эркин-Тоонун" алгачкы сандарына эки жактуу байланыш болуп, жер-жерлердеги маселелер көтөрүлүп, борбордук бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдер, токтомдор элге жеткирилип турган. Эң башкысы, ошол учурда китеп дээрлик жок болуп, бул гезит китептин да ролун, милдетин аткарган.
Айтмакчы, "Эркин-Тоонун" беттеринен окусак, азыр дагы актуалдуу болуп турган темаларды жазышкан экен. 1925-жылы 16-февралдагы 6-санында "Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тили болсун" деп жазышкан. Мындайча айтканда, мамлекеттик тил өнүксүн дегени.
- Тил боюнча макалада эмнелер айтылып жатат?
Мырзакат Тыналиев: "Кыргыз өкмөтүнө арызданып келген карапайым кыргыздарды чачын артка сылай тараган, жалаң орус тилинде өздөрүнчө сүйлөшүп, көздөрүнөн жаш аккыча каткырып отургандар кабыл алат, орус тилдүүлөр ушинтип отурат, айылдан келген карапайым кыргыздар арыз-муңун жеткизе албай жатышат" деп сындаптыр.
- Курч журналистика болгон турбайбы?
Мырзакат Тыналиев: Биз жыйнак кылып чыгаралы дегенде, бир топ сандары табылбай жатат. Ушундай курч макалалар чыккандан кийин ал сандар атайын жоготулган дегендер да бар. Бул эми тактала элек.
Подкастты бул жерден угуңуз:
- Мундузбек агай, сиз ушул басылмага арнап атайын китеп чыгаргансыз. Кандай мазмундагы макалаларды белгилейт элеңиз?
Мундузбек Тентимишев: 2004-жылы гезиттин 80 жылдыгында анда басылган публицистикалык макалалардан тандап “Кыргыз туусу” – 21-кылымдын гезити" деген жыйнак чыгардык. Мен тарыхый, архивдик материалдар менен таанышып, көзү тирүү күбөлөргө жолугуп, ушундай макалалардын түрмөгүн жаздым эле, өзүнөн өзү китеп болуп калыптыр.
Гезиттин алты саны Ташкентте жарык көрсө, жетинчисинен тарта Пишпектен чыга баштаган. Бул да өзүнчө чоң майрам болгон. Себеби Өзбекстандагы басмаканада башка улуттагы кызматкерлер Москвадан чыгаргыла деп абдан кор кылып ийген. Анда өзүбүздөн чыгарабыз деп, Бишкекке көчүп келсе, басмакананын шарты жок. Татарлар иштейт экен, аларга жалынып отуруп, жетинчи санын бул жерден чыгарып жатпайбы.
Айтмакчы, биринчи санда Аалы Токомбаевдин "Октябрдын келген кези" деген ыры жарыяланган деп мектеп программасында да айтылат. Сыдык Карачевдин ырын чыгаралы дешсе, ал өзү: "Жок, ушул жакта САКУда окуган Аалы Токомбаев деген жигит бар экен. Ушунукун коёлу", – деген экен. Сыдык Карачевди көп эле изилдедим. (Кийин репрессия болуп камалып, атылып кеткен). Гезиттин аты өзгөрүп, "Кызыл Кыргызстан" болгонго чейин чыгарган Кыргызстандын биринчи журналисти. Бул киши Караколдо орус-тузем мектебинде окуп, орусча, татарча, уйгурча, кыргызча билген, котормочу да болгон. Татарлардын, казактардын толгон-токой гезиттеринин баарын окуган киши. Ошолорго окшотпогонго аракет кылган. "Өзүбүзчө кетели" деген. Бул жактан чыгара баштаганда, гезиттин сапаты жакшырган. Ал убакта интеллигент деле жок. Кызматкерлердин арасында кадимкидей жазылууну жүргүзүп, беш миң нускага жеткирген. Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов абдан көп жардам берген. Өзүнүн эсебинен эки миң сом кошкон жада калса. Ушинтип жыл сайын нускасы көбөйө берген.
- Окуган, сабаттуулардын катмары дагы калыңдай берген экен да?
Мундузбек Тентимишев: Ооба, бул жакка окуйм деп келгендер болгон, интернаттарга келген. Пединститут ачылгандан кийин жазылгандар абдан көбөйгөн. 1927-жылы латын тамгасына өтүп, гезиттин аты "Кызыл Кыргызстан" болуп калган. Биз тарыхты да айта жүрүшүбүз керек. Алгачкы редакторлордун бири - Касым Тыныстановдун эмгеги чоң.
- Редакторлор жөнүндө айтып калбадыңызбы. Үч жыл ичинде Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Кайбылда Ибрагимов, Шарип Көкөнөв, Баялы Исакеев, Калим Рахматуллиндер чыгарыптыр. Кыска мөөнөттө эле улам алмашып турган экен. Мунун себеби эмнеде болгон?
Мундузбек Тентимишев: Булар редакцияда такай отуруп иштеген адамдар болгон эмес. Обкомдун жооптуу кызматкерин дайындап койгон, партиялык тапшырма катары. Мисалы, Төрөкул Айтматов бир эле мезгилде обкомдун катчысы, бөлүм башчысы болуп иштеген. Жалпы жонунан редактор катары гезиттин саясий багытына жооп берген. Эки жума редактор болгондор бар. Галстук тагынуу жөнүндө талкуу жүрүптүр. “Тагынабыз маданият ычкырын” деп бирөөлөр айтса, дагы бири “тагынбайбыз” деп талашкан учур да болуптур. Кубанычбек Маликовдун: "Биз "Эркин-Тоонун" боорунда чоңойдук, "Ленинчил жаштын" канатында жетилдик", – дегени бар. Эки жылдан кийин 7-ноябрда "Ленинчил жаш" гезитинин ачылышы "Эркин-Тоонун" жүгүн кыйла жеңилдеткен. "Эркин-Тоо" – кыргыздын мектеби, университети, академиясы. Бул жерден академиктер, жазуучулар, тарыхчылар, профессорлор өсүп чыккан.
- Бир чоң трамплин болгон турбайбы, кыргыз интеллигенциясы, илимий чөйрө үчүн. Мырзакат агай, кантсе да басылма совет өкмөтүнүн үгүтчүсү болду. Атын өзгөрткөнгө чейин жазылган макалалардын мазмуну аябай эркин, башкача багыт алышкан экен. Эмне үчүн аталышы "Кызыл Кыргызстан" деп өзгөрүп кетти болду экен?
Мырзакат Тыналиев: Менин маалыматым боюнча, ошол учурда Союздагы жалпы тенденция болгон. Кызыл түс совет бийлигинин символдуу түсү болгон. "Кызыл армия", "кызыл мектеп" деген болгон.
- "Эркин-Тоо" чыкканда мамлекет башында турган кишилер да макала жазды беле?
Мундузбек Тентимишев: Милдеттүү түрдө пландалып, жазып турушкан. Мисалы, сен айыл чарба маселеси боюнча жазып бересиң деп. Тукей Кекиликов аттуу журналисттин "Достор арасында" деген китеби чыккан. Анда: "Жусуп Абдрахмановго келдим. Сиз комсомолдун баскан жолу жөнүндө жазып бериңиз дедим", – деп эскерген. Үркүн жөнүндө Баялы Исакеев "Кызыл Кыргызстандын" буюртмасы боюнча жазган. Партиялык, советтик мекемелердин өкүлдөрү, профсоюз, комсомол кызматкерлери ырааттуу түрдө жазып турушкан.
- Үркүн темасына чейин козгошконбу?
Мундузбек Тентимишев: Аалы Токомбаевдин "Кандуу жылдар" романы чыгып жатат. Ал убакта падышачылыктын колонизатордук саясатынын кесепети деп ачык эле айтышкан. Мукай Элебаевдин "Узак жолунда" дагы. Алгачкы сандарды чыгарган аталардын тагдырлары өтө оор болуп калганын да айта кетели. Биринчи санды чыгарган Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Ишеналы Арабаев атылып, Кусейин Карасаев көп жыл куугунтукталып түрмөгө жаткан, корректор Мустапа Акматов качып барып, Түптө каза болгон.
- Ушулардын тарыхына келе жатабыз. “37-38-жылдардагы сталиндик катаал репрессияны "Эркин-Тоо" кантип башынан өткөрдү?” деген суроого эми келдик.
Мундузбек Тентимишев: Аты өзгөргөнүн дагы эске алып коюшубуз керек. 1926-жылы Кара-Кыргыз автоном облусу Автономиялык Республика болуп түзүлгөн. Мырзакат айткандай, "кызыл" деген сөз керек болуп калган. Монголиянын борбору Улан-Батор "кызыл баатыр" дегенди билдирет ("улан" – монголчо "кызыл" деген сөз). "Кызыл үй", "Кызыл атчандар" деген ырлар чыккан да. 37-жылга чейин деле көп нерселер болгон. "Партиялык тазалоо" деп койгон. Күлүйпа Кондучалова эже минтип айтып берди эле: "Бир жолу чогулушка келсек, жөн эле мушташканга чейин барып жатат. Партиялык кызматкерлер, жетекчи кызматкерлер: “сен байдын тукумусуң, сен байдын кызына үйлөнгөнсүң, жээниң бай” деп бири-бирин чукулап, ушундай былчылдашкан замандар өткөн". Партиялык тазалоолор көп болгон. Ал эже 1932-жылды айтып жатат. 1926, 1928, 1932, 1934-жылдары партиялык тазалоолор болгон. Комсомолго кирип кеткен байдын тукумдары деп чыгаргандар да толтура болгон. Какиш Рыскулова деген академик эженин жакында эле көзү өтпөдүбү. Ишеналы Арабаевдин карындашы болгон. "Мени комсомолдон чыгарабыз деп маселе койгон", – дейт. Мына ошонун баары гезитте чагылдырылып турган. Ич ара согушкан кадимкидей. Мен 1937-жылдагы "Эркин-Тоону" карап туруп таң калдым. Алыкул Осмонов сын макала жазып, Аалы Токомбаевди аябай шыбаптыр. Жоомарт Бөкөнбаевди да жазыптыр.
- Жаштык жигери менен жазганбы?
Мундузбек Тентимишев: Жок, саясий атмосфера ошондой болгонбу дейм да. Эч нерседен тартынбай, өзүн жумушка алып, атасындай болуп калган кишилерди да аяган эмес да.
Мырзакат Тыналиев: Ошол учурда табигый тандоо жүрүп, кыргыздын биринчи мыкты адамдары бийликке келип калган. Ушул жерден Абдыкерим Сыдыковдун бир макаласы "Эркин-Тоонун" үчүнчү санына чыгыптыр. "Кыргыздар, сарамжал болгула. Уйду башка малдардан алсак, буларда күчсүз, сүтсүз болуп баратат. Мунун себеби да жылкыныкындай эле. Асыл тукум малды өстүргүлө", – дейт. Көрдүңбү, кандай керектүү нерселери бар. Союз тарагандан кийин ушул кайра жүрүп жатпайбы? Биз кайрадан тарыхка келип калгандай болуп калдык. Кайра эле кыргыз тил маселеси чечилип бүтпөй келе жатат. Муну 1924-жылы көтөрүшкөн экен.
- Мундузбек агай, биринчи жооптуу редактор Осмонкул Алиевден баштап репрессияга кабылган гезитке байланышы бар кишилердин атын айтып жатасыз. Алар гезитте иштеп жүргөн учурунда кармалганбы же кийин иштеп кеткенден кийин кармалды беле?
Мундузбек Тентимишев: Троцкий 1927-жылы талкаланып, СССРден чыгып кеткен эмеспи. Анын жеңилиши биздин интеллигенттерге көп кыйынчылык алып келген. Себеби ага чейин чын жүрөгүнөн эле "Троцкий баатырга" деп далай макала, ыр жазышкан да. “Дүйнөлүк революция жасайбыз!” деген ураан Троцкийдики болгон. СССРден куулгандан кийин аны мактап жүргөндөр азабын тарткан. Жада калса Аалыке "Белоцкий шумкарга" деген ыр жазган. Зиновьев, Каменевдерди мактап жазгандар болгон. Москвада кылт эткен нерсеге бизде реакция болуп турган. 1933-жыл кыргыз интеллигенциясы үчүн абдан оор жыл болгон. Ушул жылы Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков камалып, Жусуп Абдрахманов кызматтан түшүп жатат. Себеби Москвада Өнөр жай партиясы жеңилген. Булар ГЭС, завод, фабрикаларда бүлдүргүч иштерди жүргүзгөн, "Троцкийдин, Зиновьевдин кишилери" деп талкаланган. Ошонун куйруктары Кыргызстанда да бар деп, Ишеналы Арабаевге «улутчул» деген болбогон эле күнөө коюлуптур, иш жүзүндө Троцкийди мактаганы үчүн эле. 1937-жылга чейин далай репрессиялар болгон. Өзгөчө Кировду атып кеткенден кийин кырдаал курчуган. Ошол окуяга төкмө акындарыбыз да үн каткан. Калык Акиевдин ырын таап алдым, Ленинградда бир террорист өлтүрдү, демек алар бул жакта да бар деген мааниде. НКВД жаман роль ойногон. Мисалы, 1926-жылы Троцкийди мактаган макаласы, ыры бар деп кайра кыргыздарга эле арыз жаздырып, булар менен жүргөн, булардын үйүнө барып конок болгон деген шылтоолор менен башкаларды да куугунтуктай берген.
Мырзакат Тыналиев: Азыр бизде ушул боюнча да талаш жүрүп жатат. Кээ бирөөлөр репрессиялар боюнча архивди толук ачыш керек десе, экинчи тарап азыр эрте, ачпай коё туруш керек дейт. Себеби биринин үстүнөн бири жазгандар чыгат. Ошолордун урпактары буга кандай карайт? Муну туура түшүнгөндөр болот, бирок "сенин атаң менин атамды каралап жазган турбайбы" деп араздашкандар да чыгат дешет.
- Бирок саясий кырдаалды, ошол кездеги шартты эске алганда, менимче, коркпош керек го. Тарых тарыхтай өзүнүн объективдүү баасын алыш керек.
Мырзакат Тыналиев: Жалпысынан алганда туура. Бирок бир нерсени байкайсыздарбы? Совет мезгилиндеги тарыхты кенен ачып жазган тарыхчы жок. Биздин тарыхчылар азыр илгерки 2000-3000 жылдар мурдагы кыргыз мамлекеттүүлүгү, Кыргыз Каганаты деген сыяктуу темаларды жазышат. Анан революцияга чейинки бай-манаптардын, хандардын тарыхтарын жазабыз. Аларды деле урпактары бир тараптуу мактап, мыкты кишилер болгон, тукумдары жөндөн-жөн эле кырылган деген сыяктуу бир беткей кетип жатат. Башканы айтпаганда деле "Эркин-Тоонун" сандарын толуктап, китеп кылып чыгарып, илимий эмгек жазсак болот. Биз совет мезгилиндеги тарыхты, айталы, 70-80-жылдарга чейинки саясий күрөш кандай жүргөнүн билмекпиз. Ырас, ошол саясий күрөштүн каармандарынын, катышуучуларынын тукумдары азыр бар.
Бирок эми баары бир жазышыбыз керек да. Жазган киши эч кимге жан тартпай, бейтарап болуп жазыш керек.
- Туура. Мундузбек агай, ушул 20-кылымдын башындагы, тарыхтын мерчеми менен караганда, кечээги эле окуяларды али күнчө иреттеп, талдай албай келатабыз. Тарыхты тактоодогу элдин ролу, орду кандай болуш керек?
Мундузбек Тентимишев: "Эркин-Тоо", "Кызыл Кыргызстан" – тарых үчүн эң чоң шпаргалка. 1916-жыл боюнча "Эркин-Тоонун" согушка чейинки сандарын караган адам өзүнчө университетти бүтүргөндөй болот. Кубанычбек Маликовдун "Балбай" деген поэмасын карап көрчү, кийин тыюу салынган. Аалы Токомбаевдин "Кандуу жылдар" романына, Касымалы Баялиновдун "Ажар" повестине 1933-жылы тыюу салынган. Ошону ким тыюу салдырган? Өзүнүн эле жанында жүргөн достору. Эл акындары, эл жазуучулары, академиктер айгак жазыптыр бири-бирине. Мисалы Касымалы Баялиновдун "Ажарын" баарыбыз мектепте окуганбыз, анда эч кандай саясий нерсе деле жок го. Кыргыздын кызы Кытайга барып сатылган. Түгөлбай Сыдыкбековдун "Кең-Суу" романынын экинчи китебине да тыюу салынган. Тарыхчыларыбыз ушуларды кененирээк караса жакшы болмок. Мисалы, Мариэтта Шагинян деген кыйын журналист, жазуучу болгон. Лениндик сыйлыкты алган. “Ленинден төрт сабак” деген китеби бар. Ал бизге келген, келип эле райондук гезиттерди сурачу экен. Мисалы, Кантка келип райондук гезитин сурачу экен. Анан облустук, республикалык гезитке чейин изилдеген.
Дагы бир тема – үй-бүлө мамилелердин да гезит бетинде чагылдырылганы. Ал убакта ажырашкан киши гезитке жарыя берчү экен. Сотко эмес, гезитке. Муса Адышев ажырашам деп Алайдын райондук гезитине жарыялаган. Мына, үй-бүлөнүн маселеси сотсуз эле ушинтип чечилчү экен. Жарандарга паспорт 1938-жылы бериле баштаганы жазылыптыр. Бул жакта да гезиттин ролу бар. Мукай Элебаевдин "Зарыгам" деген ырын жазып жатат. Ошондо Мукай жыйырмада экен. Көп нерселерге жооп алса болот. Согушка байланышкан көп материалдар бар. Мен шашпай убакыт таап, китепканадагы бүт сандарын карап чыксамбы деп ойлонуп жүрөм. Абдан көп кызык нерселери бар. Советтер Союзунун Баатыры деген наамга көрсөтүлүп, албай калгандар бар. Нурлан Бозоев деген болгон. Аалыкем "Нурлан баатыр иниме" деп поэма жазып салган. Бирок албай калган.
- Албай калышына эмне себеп болуптур?
Мундузбек Тентимишев: Жарадар болуп туткунга түшүп кеткен.
- Мундузбек агай, согуштан кийинки деле жылдар деле оңой болбоптур. 1930-жылдары жеке кишилер репрессия болсо, 1950-жылдары көркөм мурастарга чейин жок кылгыла, окубагыла деген репрессия жүрүптүр. Ошол учурда гезит эмнени чагылдырды?
Мундузбек Тентимишев: Согуш бүтөт. Андан кийин космополитизм деген балекет чыгат. Ждановдун "Ленинград", "Звезда" журналдары тууралуу доклады бар. Университетте окуп жүргөндө ал боюнча сынакта жооп бергенбиз. Чындыгында ал токтом туура эле чыккан. Курчоодо элдин баары кырылып жатса, "Ленинград", "Звезда" журналдары Ленинград жөнүндө жазбай, каяктагы нерселерди жаза берген. Эл ачка, карточка системасы, укмуштай оорчулук. Аны чапкандан кийин таасири бизге да тийген. "Ата Мекен жөнүндө жазбай, каяктагы сүйүүнү жазат" деп Мидин Алыбаев сындаган Алыкул Осмоновду. Жээнбай Самаганов деген сынчы болгон. “Кызыл Кыргызстандын бетин бербей, таанымал акын, жазуучуларды баарын сындаптыр. Анан “Манастын” миң жылдыгын өткөрөбүз деген маселе коюлган. Ошону "Кызыл Кыргызстан" абдан жакшы чагылдырган. Исхак Раззаков өкмөт башчысы, Боголюбов биринчи катчы 1946-жылы бул тууралуу токтом чыгарган. Сталинге бекитүүгө бергенде, ал кезде калмактардын “Жангар”, армяндардын “Давид Сасунский” сыяктуу эпостору жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, эмне зарылчылыгы бар экенин сураган. Ошону биз түшүндүрүп бере албай калганбыз. Кайра космополитизм маселеси чыгып кетип, ошондон улам Сталин макул болгон эмес. Сталиндик сыйлыкка көрсөтүү маселесин эң мыкты чагылдырган "Кызыл Кыргызстан" болгон. Түгөлбай Сыдыкбеков сталиндик сыйлык алгандан кийин биздин интеллигенцияда ушунчалык көтөрүңкү маанай пайда болгон. Ага чейин Чуйков эки жолу алган. Анан Касымалы Баялиновдун "Көл боюнда" деген романын көрсөтүшкөн. А Түкөмдү талкалаган макалалар толтура. “Биздин замандын кишилери” эмес, "бир колхоздун кишилери" деп жазгандар бар. Күлөсүң жөн эле. Лауреат болгондон кийин кайра башкача жазган. Баялиновдун баласы Марклэн Касымович менен сүйлөшүп калдым. “Атамды сыйлык алат деп гезиттер жазган. Албай калды, ошондон кийин сынып калды”, – дейт.
- Ушул талкуулар гезитте ачык эле чыгып турган экен да?
Мундузбек Тентимишев: Чыгармалар жөнүндө пикир айтылган.
- Мага кызык болуп жатат, Мырзакат агай. 80-жылдардын орто ченинде кайра куруу башталганда, гезит кандай өзгөрдү болду экен? Гезитке эмнелер жазылып баштады? Саясатты, тил маселесин, тарыхты жазгандарга гезит платформа бергенби?
Мырзакат Тыналиев: Тил маселесине өзгөчө кайра куруу мезгилинде 85-жылдан кийин маселе көтөрүлүп, анын аягы 89-жылы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынышына алып келди. Интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү жазып, бул башкы партиялык гезит болгондуктан, “Советтик Кыргызстанга” чыккан нерсе акыркы чындык, идеологиялык жактан да, саясий жактан да туура нерсе катары кабыл алынчу. Гезиттин ролу чоң болгон – элдин аң-сезимин калыптандырган.
Союздун соңку жылдары басма сөздө көп өзгөрүүлөр болду. Ошол кезде "Кыргызстан маданияты" деген жумалык гезит чыкчу. Ал гезит Жазуучулар союзу менен Маданият министрлигинин органы болчу. Ал жерде интеллигенция бир аз чыгармачыл, эркин ойлонот. Чыңгыз Айтматов баш болуп "Фрунзеде жалгыз кыргыз мектеп бар" деп чоң маселе көтөрүп чыккан.
- Мундузбек агай, эсиңизде барбы, ошол кезде, кайра куруу жылдары, басылмалар көбөйүп калган. “Советтик Кыргызстан” эмнени жазчу эле ошондо?
Мундузбек Тентимишев: Алардын редакторун гана эмес, редколлегия мүчөлөрүнүн баарын Компартиянын БК (ред.: Борбордук комитет) бюросунда бекитчү. Совет заманында тоголок арыз деген бар болчу. Аты- жөнүңдү жазбай жөнөтүп койсоң, комиссия текшерип жатып калчу. Кайра куруу келгенде деле көп нерселер толук айтылган жок. "Молдо Кылычты" көтөрүп чыгабыз деп гезит жазса, Абсамат Масалиев "эл душманы" деп өткөрбөй койду. Тил маселеси боюнча, менде Айтматовдун архивде сүйлөгөн, гезитке чыкпаган доклады бар. Аралаш мектеп, кыргыз-орус мектептерин түзүү жөнүндө маселе койгон. Анын докладынан кийин Бишкектин көп жерлерине аралаш мектептер түзүлө баштады. Гезитке анын сөзүнөн журналисттердин комментарийи чыгып калды. Исмаилбек Таранчиев Прибалтикада курман болгондо, аны баатырлыкка көрсөтүш керек деп “Советтик Кыргызстан” биринчи көтөрүп чыккан (ред.: Таранчиев 1944-жылы согуш учурунда Эстонияда күйүп жаткан Ил-2 учагын немистердин танктарына багыттап, көп техникасын жок кылган. Өзү шериги менен кошо курман болгон). Кайра куруунун бир жакшы жери, “Манас” менен 1916-жыл жөнүндө оюбузга келгенди жаздык го гезиттерге.
- Бир кылымдык жолду баскан гезиттин тарых-таржымалын бир саатта айтып бериш кыйын. Урунттуу учурларды эскерип бердиңиздер. Маараке кут болсун. Чоң рахмат сиздерге.