Казакстанда ЖККУнун машыгуусуна даярдык көрүлүүдө

ЖККУ машыгуусу. Архивдик сүрөт.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) кезектеги биргелешкен аскердик машыгуусун ушул апта соңунда Казакстандын аймагында баштайт. Бул тууралуу казак Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, машыгуу 26-сентябрда башталып, 7-октябрда жыйынтыкталат. Алматы облусундагы «Жагалау» машыгуу полигонунун аймагында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрү менен уюштурулуп жаткан командалык-штабдык машыгуу «Бузулбас бир туугандык-2024» деп аталат.

Ага Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын аскерлери катышары, машыгуу-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу үчүн алар машыгуу өтө турган жерге 18-сентябрдан тартып бара баштаганы маалымдалган.

Жергиликтүү тургундардын айрымдары аймакта башка өлкөлөрдүн аскерлери жүргөнү тууралуу сүрөт жана видеолорун социалдык түйүндөргө жарыялаганда өкмөт машыгууга келген аскерлер Алматы жана Жетису облустарынын аймагында темир жол жана автоунаа менен каттай турганын маалымдап, элди туура эмес кабар таратпоого чакырган.

2022-жылы январда Казакстандын бир нече шаарында бийликке алгач экономикалык талаптарды коюп чыккан акцияларды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин террорчулар тууралуу билдирүүсүнөн улам бул өлкөгө ЖККУнун 2 миңден ашуун жоокери 250 аскердик техникасы менен барган. Кыргызстан Алматыга 150 жоокерин жөнөткөн.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында расмий түрдө алты өлкө бар. Бирок азыркы тапта Армения бул уюмдагы мүчөлүгүн токтотуп турат.

2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин аскердик агрессияга айыптаган. Көп өтпөй Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган жана "мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө" чакырган. Андан кийин бул маселе расмий көтөрүлгөн эмес.

2022-жылы Украинага кол салган Орусиянын Курск облусунун чек арадагы айрым айылдарын быйыл август айынын башында украин армиясы ээлеп алганда ал жакка ЖККУ аскерлерин жөнөтүү ыктымалдыгы тууралуу сөздөр айтылган, бирок расмий эч кандай демилге, талкуу же сунуш болгон эмес. (RK)