Ажылык: Кыргызстанга быйыл 6 миң квота бөлүндү

Ажылыктан келген кыргызстандыктар. Ош эл аралык аэропорту. 23-июнь, 2024-жыл.

Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 24-сентябрда билдирди.

Муфтиятта ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, иш алып бара баштады.

Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык дартка чалдыккандарга, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт.

Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албай таяныч-кыймыл аппараттына көз каранды болгондор да кирген.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Быйыл ажылык зыярат 14-19-июнда болгон. (TbA)

Дагы караңыз

Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болуп дайындалдыУлуттук банк үч жыл ичинде акчанын көбөйүшү тууралуу түшүндүрмө бердиИранда көмүр шахтасындагы жарылуудан ондогон өмүр кыйылдыОрусия Украинанын сегиз аймагына 85 дрон жана ракета менен сокку урду