Кочкордогу кинотеатрга Геннадий Базаровдун ысымы берилди

Геннадий Базаровдун Кочкордогу кинотеатрдын алдына орнотулган айкели.

Кочкор районундагы “Чолпон” кинотеатрына 23-сентябрда белгилүү кинорежиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун ысымы берилип, имараттын алдына айкели орнотулду.

Анын ачылышында Базаров эскерилип, кинотеатрдын фойесинде анын чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Тарткан тасмалары көрсөтүлдү.

Базаров 1967-жылы Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтун аяктап, дипломдук иши катары Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестин тасма кылып тарткан. Бул эмгеги жогору бааланып, кино тармагында атак алып келген.

70-жылдары режиссёр өзүнүн атактуу “Көчө” жана "Көздүн кареги" (“Зеница ока”) тасмаларын, 80-жылдардын ортосунан тарта “Биринчи”, “Приют для совершеннолетних”, “Заговор”, “Аномалия”, “Каракыз”, “Метаморфоза”, “Исход”, “Жаннат”, “Нонсенс”, “Ноктюрн”, "Туздуу чөл" аттуу көркөм тасмаларды жараткан.

90-жылдары “Периштенин күнү”, “Антракт”, “Түндө” аттуу кыска метраждуу тасмалары тартылган. “Айтматов” жана “Сказ об искусстве” толук метраждуу даректүү тасмалары да элге кеңири белгилүү болгон.

"Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү болгон Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн. 1994-жылдан тарта Улуттук телерадиоберүү корпорациясында “Альтернатива” автордук программасын алып барып, маданият ишмерлери тууралуу кеп кылып, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү кино жана маданият тармагында көйгөйлүү маселелерди көтөрүп келген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, II жана III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган Базаров 2023-жылдын февралында 81 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

Дагы караңыз

"Кыргыз тилине мамлекеттик макам берилсин деген академик Орузбаева суракка алынган"Өкмөт ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерди айыпка жыгууну сунуштады Пакистан талибдери дипломаттар колоннасына кол салууга тиешеси жоктугун билдиришти