Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин ишкердикти текшерүүнүн жол-жобосун аныктаган мыйзам долбоору каралды. Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев түшүндүргөндөй, мамлекеттик мекемелер ишкерлерди текшерүү үчүн алгач прокуратура органдарына кайрылышы керек. Көзөмөл органы кайрылууну карап чыгып, текшерүүгө негиз болсо, атайын реестрге каттайт.
“Эгер мамлекеттик органдан катталбай туруп текшерсе, анда Укук бузуулар кодексинде 15 миң сом айып салуу, Кылмыш-жаза кодексинде 300-500 миң сом айып же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган”, - деди Малаев.
Депутат Дастан Бекешев ишкерлер сөз болгон реестрди кайсы жерден көрө аларын сурады. Малаев бул ачык булактагы маалымат экенин айтып, бирок анын дарегин, жол-жобосун так айткан жок.
Дагы бир депутат Жумабек Салымбеков мыйзам долбоорундагы “кезексиз текшерүү” боюнча так аныктама берилиши керектигин, антпесе ишкерлерди негизгиз текшергендер көбөйүп, көйгөй жаралышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү укугу 16 мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, Архитектура, курулуш, турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат ишкерлерди көп текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы да бар.
9-январда президент Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Мартта жарлыкка өзгөртүү киргизилип, Салык, Бажы кызматынын, тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу текшерүүлөр жана Улуттук банктын текшерүүлөрү мораторийден алынган. (TAb)