Сот жараяндарын онлайн өткөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

Кыргызстанда сот процесстерин онлайн өткөрүү үчүн керектүү мыйзам долбоорлору даярдалып жатат. Бул тууралуу парламенттеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев билдирди.

Депутат Дастан Бекешев ага жарандардан кайрылуу түшкөнүн мисал келтирип, соттук отурумдарды онлайн форматта өткөрүү муктаждыгы бар экенин белгиледи.

“20 жаштагы жабырлануучуну Чолпон-Ата шаарындагы соттогу отурумга чакырып, көрсөтмө алабыз деп жатышыптыр. Ал кош бойлуу экен. Мына ушундай кырдаалга онлайн отурумдар керек”, - деди Бекешев.

Комитеттин жыйынында Жогорку соттун төрагасынын орун басарларынын санын үчтөн төрткө көбөйтүп, ага санариптештирүү тармагын берүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Ага ылайык, Жогорку соттун судьяларын 31ден 30га кыскарып, бир бирдик жаңы орун басарлык кызматка берилет.

Комитет бул мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына кароого жөнөттү.

Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун курамы анын төрагасы, үч орун басары жана 31 судьядан туруп, жалпы 35 орунду түзөт. Жогорку Соттун төрагасын президент Судьялар кеңешинин сунушу жана парламенттин макулдугу менен беш жылга дайындайт.

Ал эми орун басарларды президент Жогорку соттун төрагасынын сунушу менен беш жылга дайындайт. (TAb)

Дагы караңыз

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайтОрусияда баллистикалык ракетаны сыноо ийгиликсиз аяктаганы кабарлануудаАида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасына орун басар болду Садыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту