Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Бишкек. Архив.

Шашылыш билдирүү!

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. 26-сентябрда жана 27-сентябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде жана жайыттарда мал багууда түйшүк жаратат.

24-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 13…15 °, күндүз 26…28° жылуу болот.

Дагы караңыз

Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасына орун басар болду Адвокат Самат Матцаков Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыкпаганын айттыСадыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуштуУкраина Запорожьеде Орусиянын чабуулунан 13 киши жараат алганын билдирди