Израилдин президенти Ливандагы жарылуу боюнча айыптоолорду четке какты

Израилдин президенти Исхак Герцог.

Израилдин президенти Ицхак Герцог анын өлкөсү Ливандагы пейжер жана башка байланыш каражаттарынын жарылуусуна тиешеси жоктугун билдирди. Бул тууралуу Герцог Sky News телеканалына берген маегинде айткан.

"Мен кайсы бир операцияга Израилдин катышын дароо жокко чыгаргым келет. Израил Ливан менен согушууну каалабайт. Бирок Ливан террордук "Хезболла" уюмунун туткунуна айланды", - деди жөөт президенти.

Буга чейин Ливандын аймактарында, өзгөчө борбор калаасы Бейрутта пейжер жана байланыш каражаттарынын жарылуусунан кеминде 32 адам каза болуп, 3000ден ашыгы жараат алган. Тымызын чабуулдар үчүн ливандык "Хезболла" тобунун союздашы, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу, Ливан өкмөтү, "Хезболла" да Израилди айыпташкан. Израил бул айыптоолорго комментарий бере элек болчу.

Жекшемби күнү Израил менен Хезболла бири-бирине сокку урду. Рейтер агенттиги Израилдин согуштук учактары Ливандын түштүгүнө абадан сокку урганын, "Хезболла" Израилдин түндүгүнө ракета учурганын жазды.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү "Хезболлага" каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (AiA)