Москвада жакындарын согуштан кайтарууну талап кылган аялдар кармалды

Акцияга чыккандардын бири.

"Настоящее время" телеканалы орусиялык Телеграмм каналдарга шилтеме берип, 22-сентябрга карган түнү жакындары согуштан кайтарууну талап кылып чыккан онго жакын аялды полиция кармап кеткенин жазды. Алар кайра бошотулдубу, жокпу жарыялана элек.

"ОВД-Инфо" басылмасы полиция кармап, автозакка отургузган 10 аялдын аты-жөнүн жарыялады.

21-сентябрда Москвада Коргоо министрлигинин имаратынын алдында согушка жиберилген жарандардын жакындары митинг өткөрүп, аларды үйлөрүнө кайтарууну талап кылышкан. Акция Орусияда 2022-жылдын 21-сентябрында башталган жарым-жартылай мобилизациянын эки жылдыгына карата уюштурулган. Чогулгандар Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов менен жолугушууну да талап кылышкан.

"Настоящее время" телеканалы акцияга 20га жакын адам катышканын, алардын басымдуу бөлүгү "Ак жоолуктар" жана "Үйгө карай жол" кыймылдарынын активисттери экенин жазган. Телеграмм каналдар кабарлагандай, акция өткөн жерге белгисиз адамдар тобу келип, катышуучуларды таратууга аракеттенген.

Быйыл 7-январда Москва шаарында мобилизацияга тартылып, Украинага каршы согушка жөнөтүлгөн адамдардын аялдары, жакындары акция уюштурган.

Ага чейин мобилизация аркылуу согушка жиберилгендердин аялдары Орусиянын президенти Владимир Путинге бир канча жолу кайрылуу жасаган жана “Күйөөмдү кайтаргыла!” деген акцияларды өткөргөн. Алар жакындары качан согуштан кайтарын сурап, майдандагы жагдайдын начардыгына, аскерлердин айлыгы жакшы берилбей жатканына нааразы болгон.

Путин 2022-жылдын сентябрында Украинадагы согушка аскердик күчү жетишпей жаткан маалда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Орусиянын коргоо министрлиги мобилизация башталганы 300 миң адам аскерге тартылганын билдирген. (AiA)