Сузактагы кайра шайлоо: 16:00гө карата шайлоочулардын 9% добуш берди

Сузак округундагы добушканалардын бири. 22-сентябрь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоодо саат 16:00гө карата 11 миң 680 (9.39%) киши добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Бул округда 81 шайлоо участогу ачылып, 124 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Добуш берүү 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына жети талапкер ат салышууда. Алар: Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов, Медербек Сапарбаев.

Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшыруу тууралуу арыз жазган. Ошол эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын карап, мандатынан ажыраткан. Икрамов өзү ушундай чечимге келгенин Фейсбукка жазган. "Азаттыкка" айрым депутаттар "ал атайын кызматка суракка барганын" айтышкан.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында ушуну менен жалпы 20 депутат мандатын тапшырды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирген. (TB)

Дагы караңыз

Орусияда экстремисттик уюмдун символун жарыялоого айыпталган кыргызстандык 10 күнгө камалды