Орусияда экстремисттик уюмдун символун жарыялоого айыпталган кыргызстандык 10 күнгө камалды

Орусиянын Сургут шаардык сотунун чечими менен Кыргызстандын жараны Административдик укук бузуулар кодексинин 20-беренеси (“Экстремисттик топтун символикасын коомчулукка ачык жарыялоо”) менен айыпталып, 10 күнгө камалды. Бул тууралуу Сургут шаардык сотунун сайтында жазылды.

Соттун материалында Кыргызстандын жараны ВКонтакте социалдык тармагында “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун желегин жайгаштырганы айтылат. Бул Орусиянын “Экстремисттик аракеттерге каршы туруу жөнүндөгү” мыйзамына каршы келет. Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алганы кабарланды.

Кыргызстанда да “Хизбут-Тахрир” уюму соттун чечими менен диний-экстремисттик уюм катары 2003-жылы таанылган жана анын өлкө аймагында иш жүргүзүшүнө тыюу салынган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул уюмдун мүчөлөрү кармалганын байма-бай жарыялап келет.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча тиркеме иштелип чыкты