Кыргызстанга БУУнун майыптыгы бар адамдар боюнча баяндамачысы келет

Майыптыгы бар адамдардын маршы. Бишкек. 2023-жыл. (Сүрөт "Равенство" уюмунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) майыптыгы бар адамдар боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграсс 23-сентябрдан 3-октябрга чейин Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Бул тууралуу уюмдун сайтында кабарланды.

Кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен келе жаткан Хаграсс өлкөдөгү майыптыгы бар адамдарды коргоо чаралары, мыйзамдар менен таанышат.

Ал Бишкек, Ош, Токмок жана башка аймактарды кыдырып, майыптыгы бар адамдар, жергиликтүү бийлик, тийиштүү органдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугат. Сапардын жыйынтыгы менен 2025-жылы март айында БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинде баяндама жасайт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын расмий саны 216 миңден ашуун. Анын 37 миңдейи 18ге толо элек балдар.

17 социалдык-стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.

ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин зордук-зомбулукка кабылган учурлары да бар.

Кыргызстан БУУнун Майыптыгы барлардын укуктары боюнча конвенциясын 2019-жылы ратификациялаган. Аталган уюм бул документти 2006-жылы 13-декабрда кабыл алып, ага дүйнөнүн 150дөн ашуун өлкөсү кошулган. Конвенциянын негизги максаты – майыптыгы бар адамдардын укуктарынын сакталышын камсыздоо жана коргоо. (TSh)

Дагы караңыз

TikTok орусиялык Sputnik агенттигинин баракчаларын бөгөттөдү