TikTok орусиялык Sputnik агенттигинин баракчаларын бөгөттөдү

TikTok социалдык тармагында Орусиянын Sputnik мамлекеттик агенттигинин 37 баракчасы жана RT International аккаунту бөгөттөлдү.

Маалыматка караганда, Sputnik International, Sputnik Serbia, Sputnik Afrique, Sputnik Africa, Sputnik Brasil, Sputnik Mundo и Sputnik Indonesia, Sputnik Абхазия, Sputnik Армения, Sputnik Беларус, Sputnik Stories баракчалары ачылбай калды.

Russia Today (RT) TikTok бул баракчаларды бөгөттөөнүн себебин түшүндүргөн жок деп жазды.

Сентябрдын башында АКШ “Россия сегодня" жана анын туунду компаниялары - РИА "Новости", Russia Today (RT), Ruptly жана Sputnik агенттиктерине санкция салган. Санкцияга Russia Today медиасынын башкы редактору Маргарита Симоньян дагы илинген. 13-сентябрда АКШ бийлиги "Россия сегодня" жана RT медиаларын орусиялык атайын кызматтарга иштейт деп айыптаган, аларга каршы санкция жарыялап, эл аралык дипломатия деңгээлинде да иш жүргүзүлөрүн убада кылган.

17-сентябрда Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрү менен WhatsApp мессенжерине ээлик кылган Meta компаниясы "Россия сегодня" медиа тобуна бөгөт койгонун жарыялаган болчу.

Дагы караңыз

Кайра шайлоо: Сузак округунда Жогорку Кеңешке шайлоо башталды