Дрон чабуулунан Орусиядагы аскер кампалары күйүп кетти

Тихорецк жана Торопецтеги өрт чыккан аскер кампалары. 21-сентябрь, 2024-жыл.

21-сентябрдагы учкучсуз аппараттардын чабуулунан Краснодар аймагындагы Тихорецк жана Тверь облусунун Торопец шаарындагы курал-жарак сакталган кампа күйүп кетти.

Кампада өрт чыкканын аймактын губернатору Вениамин Кондратьев ырастады. Ал эки дрон атып түшүрүлүп, анын калдыктары кампадагы жарылуучу заттарга тийип, өрт тутанганын билдирди. Кондратьевдын маалыматында, жабыркагандар жок. Өрттөнгөн кампанын жанындагы айылдар эвакуация болууда. Айрым медиалар курал-жарак, анын ичинде түндүк кореялык снаряддар сакталган кампа бутага алынганын кабарлады.

21-сентябрдын таңында дрон чабуулдарынан Тверь облусунун Торопец шаарынын жакасындагы курал-жарак кампасы да өрттөндү.

Губернатор Игорь Руденя учкучсуз аппараттар атып түшүрүлгөнүн жазды. Жабыркагандар боюнча маалымат чыккан жок. Октябрь темир жолу “Старая Торопа” станциясы эвакуацияланганын билдирди. Бир нече күн мурда Торопец шаарындагы курал-жарак сактаган дагы башка кампа күйүп кеткен.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө жети аймакка чабуул жасаган жүзгө жакын дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери өзүнүн согуш тилкесине жакын аймактары байма-бай дрон чабуулдарына кабылып жатат. Москва аларды атып түшүрүп жатканын айтууда. Чабуулдардан адам өлгөн учурлар бар, имараттар талкаланууда. Расмий Киев бул чабууларга комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Украина мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине Telegram колдонууга тыюу салды