Аба ырайы: тоолорго кар түшөт

21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, тоолуу райондордо жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29° жылуу болот.

Дагы караңыз

Акыйкатчы институту Карабаевдин арызы боюнча Башкы прокуратурага кайрылдыБаласагын шаарынын Куз-Ордо жана Куз-Улуш аталыштарыУКМК Казакстанга мыйзамсыз чыгарылып бараткан 3,3 кг алтын куймалары алынганын билдирдиИзраил "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урду